Майда, бирок маанилүү! Той өткөрөм дегендердин кулагына күмүш сырга

© Sputnik / Табылды КадырбековЭт көтөрүп бараткан официант. Архив
Эт көтөрүп бараткан официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колумнист Таалайгүл Усенбаева жакында эле жолдошу экөө уулун отургузуп, апасынын 60 жылдыгын белгилеп той өткөрдү. 200дөн ашык кишиге той берген оңой эмес экен деген кабарчы, ашыкча чыгымга учурап, той кызыксыз өтүп калбаш үчүн андагы айрымдар маани бербеген, майда бирок керектүү нерселерди айтып берди.

Көптөн күткөн тойду да берип алдык. Бул материалда мен акылдуусунуп эч кимге деле кеңеш бербейм. Болгону "оозу сүткө күйгөн адам айранды үйлөп ичет" дегендей "биле жүрүш керек экен" деп ичимден ойлоп койгон нерселерди окурмандарга айта кетүүнү туура көрдүм. Анткени бизге окшоп биринчи жолу арбыныраак киши чакырып, той берип жаткандар көп эле да. Билгендер пикир айтып, макаланын алдына комментарий калтырып койгула. Билбегендерге кереги тийип калаар.

Церемония награждения победителей VI кинофестиваля хоррор-фильмов Капля - Sputnik Кыргызстан
Фантазия нөл, изденгенди билесиңерби?! Тамада кыжырды кайнатканда
Коноктордун санын тактоо. Кыргыздар болбой калды дегенде эле тойго 150-200 киши чакырат эмеспи. Биз дагы туугандын, алардын балдарынын, куданын кудасы таарынып калбасын деп жатып тизмеге башында 250дөн ашык адам жаздык. Сеники, меники болуп, бирин чийип, бирин кошуп акыры 240 адамга токтолдук. Бирок тойго чакырылган коноктордун баары келген жок. Бири ооруп, бири бошобой, айтор, 15тен ашык орун бош калды. Көрсө, бир жеңебиз айткандай кафеге 240 киши чакыра турган болсоң 15-20 кишини азайтып эле жаздырып койгон оң экен. Ашып кетсе анын 5-6сы эле келет, муну кафе-ресторандардар деле билип калыптыр, "резерв" деген столун ары-бери эле даярдай калышат экен. Жакшысы 20 кишинин ашык акчасын төлөбөй чыгым болбойсуң. Баса, келчү коноктордун санын бир жума мурун эле тактап, эки-үч күн калганда дагы бир сыйра сурап койгула. Эки-үч күн ичинде эле ойлоно калгандар көп эле чыгат. Айтып кетчү нерсе, "тиги таарынат, бул таарынат" деп тизмени узарта бергендин кажети жок экен. Сарсанаа болбой эле коюш керек экен, чакырбай койсоң тескерисинче "ырас болду" деп сүйүнөт.

Ашыкча тамак-аш. Той берээр алдында кафенин администраторлору конфет-печеньеден суусундукка чейин канча өлчөмдө алыш керек экенин тизмеге жазып берет эмеспи. Биринчи жолу той өткөрүп жаткандар алардын жазып бергенине ишенип, дал ошончо өлчөмдө алганы базарга же дүкөнгө жөнөйт. Биз дагы тизмени көтөрүп алып базарга барсак, сатуучунун баары эле "240 кишиге бул аябай эле көп болуп калат" деп жатышты. "Эже, жетпей калганча ашып калсын" десек, "тойго деп көп киши соода кылат, администралорлор дайыма эле эки эсе көп жазып берип коюшат" деп ченеп беришти. Ыраазы болуп калдык. Ошентип соодагер эжелердин айтканындай кылып алып барсак конфет-печеньебиз, суусундуктар жетмек тургай ашып калды. Администратор жазып бергени боюнча алсак жөн эле чыгым болмок экенбиз. Айтор, бул жагын да той өткөрүп жүргөн, кыйын соодагерлерден бир сурап алгыла. Баса, ичимдик, суусундук алаарда соода кылган жер менен "ашып калса кайра өткөрүп беребиз" деген келишим түзүп алгыла. Азыр ичимдик ичкендер өтө эле азайыптыр. Акчаңар чөнтөгүңөрдө калат.

Национальное блюдо боорсок - Sputnik Кыргызстан
Малыңды союп, боорсогуңду жасап берем! Той-ашта керек болчу 7 кызматтын акысы
Белектер. Келген конокторуңар "мага мындай белек берип койду, мага бербей койду" деп таарынып жүрбөсүн десеңер белек-бечкектин баарын тамадага тапшырып салган жакшы экен. "Бул белекти кимге берсем" деп башыңыз да катпайт. Бирдеме десе "баарын тамадага өткөрүп бергем, кимге кандай бергенин билбейм" деп кутуласыз. Анан кетээрде пакетке кенедей болгон жоолуктарды салбай эле коюш керек экен. Аны же эч ким салынбайт же сатып сала албайсың. Бирөөнө салып көңүлүн алайын десең да анысы кичинекей, жупуну, айтор, каралбай эле калып калат. Анан да ага ашыкча чыгым кетирип кереги не?

Убакыт. Кечигүү каныбызга сиңип калды го. Коноктор кечикпей, убагында, айтылган саатында башталган той өтө элек болсо керек. Меймандарга го билинбейт, бирок той ээсин аябай эле бушайманга салат экен. Келгендерди же күттүрүп акыйтып кое албайсың же баштай албай айтор, өзүнчө кыжаалат. Айрымдар кечигип келген азабынан отура турган оруну жок да калышат. Бул дагы эле той ээсинин стресси. Өздөрү кечигип келип алып "биринчи тамак берилген жок, столдун үстүндө эч нерсе калбай калыптыр" деп да таарынышат. Элге, көпчүлүккө "азыр баланча келмек тамак жебей тургула" деп кантип айтасың?  Тамадалар "тойдо кечиккендерге" деп балким кошумчасын көбөйтөбү же эл аралатып бастырабы, айтор, кичине уяткарып программасынын бир жерине бир эреже кошуп алса болчудай.

Ырчы Анжелика. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тойдо миң долларга чейин гонорар алган кыргыз ырчылары кимдер? Тизме
Ичимдик. Азыр мурункудай арак ичкен деле киши жок. Бирок каалоочуларга деп коюп койсо болот экен.

Ырчы-чоорчулар. Тойдун көркүн жакшы ыр, анан жакшы сынак ачат экен. Келген коноктор үтүрөйүп, кабагына кар жаап отурбай жыргап кетсин десеңиз, акчаңызды аябай эле көңүлүңүзгө жаккан бир-эки ырчыны, чөнтөгүңүз калың болсо андан деле көбүрөөк чакырып койгон дурус экен. Элдин да, сиздин да маанайыңыз көтөрүлүп калат. Ии баса, тамаданы да туура тандабасаңыз тойду эстен кеткис кылган да, тамтыгын чыгаргандар да ошолор болот.

Тост. Тостту азайтам деп канчалаган тамада өзгөртүү киргизе албай койду. Коноктор баары бир той ээсине жакшы сөзүн арнап, каалоо-тилек айткысы келет экен. Анын үстүнө элибиз сүйлөгөндү жакшы көргөн, сөзгө маани берген калк эмеспи. Аларды той ээси да, тамада да токтото албайт. Андыктан ага убара болбой эле койгон оң.

Жаңылыктар түрмөгү
0