БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, маалымат жыйыны 19-декабрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болмокчу.
Жыйын учурунда президент журналисттердин суроолоруна да жооп берет.
Белгилей кетсек, Жээнбеков президент болуп келгенден бери биринчи жолу жылды жыйынтыктайт. Ал былтыр 24-ноябрда расмий түрдө кызматка киришкен.