00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дүйнө кезген боз үй, тонналаган форель... Ысык-Көлдө эмне өндүрүлөт

© Sputnik / Андрей Шапран / Медиабанкка өтүүБалык уулоо. Архив
Балык уулоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы быйылкы жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жети облуста эмне өндүрүлүп, аны кайсы рынокко алып чыга тургандыгын тактап көрдү. Бул ирет Ысык-Көл облусундагы ишканалардын продукциялары тизмектелет.

Облус аймагында беш район (Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу), үч шаар (Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол), 61 айыл өкмөтү, 152 айыл бар, жарым миллиондой адам жашайт. Жалпысынан ири, орто жана чакан 1194 ишкана өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт.

Экспортко чыккан сүт азыктары

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОблуста өндүрүлгөн сүт азыктары негизинен Россия менен Казакстанга экспорттолот
Открытие частной сыроварни в Истринском районе - Sputnik Кыргызстан
Облуста өндүрүлгөн сүт азыктары негизинен Россия менен Казакстанга экспорттолот

Ысык-Көл облусунда сүт менен иш алып барган онго жакын ишкана бар. Алар сүт азыктарынын бир топ түрүн чыгарат. Мисалга облус аймагындагы үч завод эле он айда 300 тоннадан ашык сары май, 1200 тоннага жакын сыр чыгарганга жетишкен. Андан сырткары, ондогон тонна каймак, быштак, айран, йогурт, балмуздак өндүрө алган. Продукциялар негизинен Россия, Казакстанга экспорттолот.

Тонналаган накта шире

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМөмө-жемиштерден ширенин түрү чыгат
Производство сока на заводе Очаково - Sputnik Кыргызстан
Мөмө-жемиштерден ширенин түрү чыгат

Аймакта өскөн мөмө-жемиштерден бир нече цех накта шире чыгарат. Ал жеке ишкерлердин айрымдары бир жылда 50 миң литрдей сок өндүрсө, дагы бири бул көрсөткүчтү 500 миң литрден ашырган.

Тонналаган форель

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүБалык өсрүгөн ишкерлер ушу тапта чет өлкөгө чыгуу аракеттерин көрүп келет
19-я Российская агропромышленная выставка Золотая осень-2017 - Sputnik Кыргызстан
Балык өсрүгөн ишкерлер ушу тапта чет өлкөгө чыгуу аракеттерин көрүп келет

Ысык-Көлдө форель өстүргөн ондогон бассейн бар. Чарбалардын айрымдары жылына 250 тоннага чейин балык өстүрөт. Ишкерлер учурда аны чет өлкөгө чыгарууга аракет көрүп, азыркы тапта өлкөнүн ички базарында жигердүү иштөөдө. Ошондой эле туздалып, сүрсүтүлгөн балыктарды кардарларга сунуштаган жеке тараптар да бар.

Дүйнө кезген боз үйлөр

© Sputnik / Табылды КадырбековКызыл-Туу айылы бекеринен үйчүлөрүн айылы деп аталбайт
Международный фестиваль Оймо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Туу айылы бекеринен үйчүлөрүн айылы деп аталбайт

Тоң районундагы Кызыл-Туу айылынын тургундары кол өнөрчүлүк менен алектенип, өздөрү жасаган боз үйлөрүн 4 миң доллардан баштап 20 миң долларга чейин сатышат. Айылдаштар бир жылда ондогон боз үй тургузуп, чет элдиктерден буюртма алып Эквадор, Россия, Казакстан, Бириккен Араб Эмирлигине чейин жөнөтүшөт.

Миллиондогон жумуртка

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖумурткадан тышкары кардарга тоок эти да сунушталат
Работа птицефабрики Гурьевская в Калининградской области. - Sputnik Кыргызстан
Жумурткадан тышкары кардарга тоок эти да сунушталат

Облустун көпчүлүк райондору менен шаарларында тоок чарбалары иштейт. Алар ушул жылдын тогуз айында эле 22 миллиондон ашык жумуртканы сатыкка чыгарууга жетишкен. Мындан сыркары, кардарларга тоок этин дагы сунуштайт.

Кийим-кече

© Sputnik / Табылды КадырбековДаяр продукция республика аймагындагы жана коңшу өлкөдөгү компанияларга сатылат
Развитие легкой промышленности в КР - Sputnik Кыргызстан
Даяр продукция республика аймагындагы жана коңшу өлкөдөгү компанияларга сатылат

Көлдүктөр текстиль тармагын да колго алышкан. Жергиликтүү тигүүчүлөр жыл башынан бери жумушчулардын 14 миңдей кесиптик кийимин, он миңге чукул шейшеп, жууркан, матрас, жаздык чыгарган. Даяр продукциялар республика аймагындагы жана коңшу өлкөдөгү компанияларга сатылат.

Жогоруда көрсөтүлгөн компаниялардан сырткары, айыл жеринде бал, как, кыям чыгарган жана жүн, терини кайра иштеткен чакан цехтер да өз күнүн көрүп келет.

Маалыматтар аймактагы ишкерлер менен облустук администрациядан чогултулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0