Донна Каран, Шарлотта Мосс сыяктуу Американын белгилүү дизайнерлери менен иштешкен "Жети бир тууган эже-сиңди" брендинин түптөөчүсү Фарзана Шаршембиева менен кабарчыбыз маектешип келди.
— Дүйнөлүк мода тармагында аты чыккан дизайнерлер менен кандайча иштешип калдыңыздар?
— Сегиз жылдан бери Кыргызстандын атынан эл аралык арт фестивалга катышып келе жатабыз. Бул фестиваль жыл сайын АКШнын Санта-Фе шаарында (Нью-Мексико штаты) өткөрүлүп, анда дүйнө жүзүндөгү эң мыкты делген кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көрсөтүлөт. Мисалы, ага катышууга ар өлкөдөн 500гө чукул уздан арыз түшсө, тарыхчы, сүрөтчүдөн турган комиссия анын 150сүн эле тандап алат. Фестивалга жаңы катышып баштаган 2011-жылы биздин эмгектер эң өтүмдүү товар (бестселлер) болуп, америкалыктар бирөөнү да калтырбай сатып алышкан.
Жакында Каран Нью-Йоркто биринчи жолу ушул сыяктуу жарманке уюштурганы жатат. Ага дүйнө жүзүнөн 35 мыкты кол өнөрчүнү чакырыптыр. Алты өлкөнүн өкүлү дизайнердин эсебинен барат, мен ошолордун катарындамын. Жарманке 5-16-декабрь күндөрү өтүп, анда биздин эмгектер Made in KG деген лейбл менен Кыргызстандын атынан чыгат. Бул лейблдарды Каран атайын АКШдан жасатып берди.
— Силер жасаган эмгектердин көпчүлүк бөлүгүн кандай кийимдер түзөт?
— Бизде моюн орогучтан тарта панно, жайкы пальто, көйнөк, юбка, жамынчы (накидка) сыяктуу кийимдер бар.
— Баалары да арзан эмес болсо керек?
— Бишкекте башка баа, ал жакта башка нарк дегендей. Мисалы, Кыргызстанда жайкы пальтолор 20 000 сомдон сатылса, чет жакта алардын баасы алда канча кымбат. Эмгектерибиздин эң арзаны 300 доллардан 1000 долларга чейин.
— Демек, силердин эмгек америкалыктарга жагыптыр да…
— Ооба, 7sisters брендин Кыргызстандагыларга караганда америкалыктар жакшы билишет. Баса, 2011-жылкы Санта-Федеги фестивалда кол өнөрчүлөр арасында биздин өлкө беш мыкты (Африка, анын дагы эки өлкөсү, Түштүк Америка, Кыргызстан-Азия) мамлекеттин катарына илинген.
— Эмгектериңерди дүйнөлүк мода чөйрөсүндөгү белгилүү адамдар кийип түшкөнүн көп көрөбүз…
— Мурда кийизден жасалган жумуштарыбызды Казакстандан көп сатчубуз. Коңшу мамлекет өкмөттүк делегация келгенде чет өлкөлүк конокторго көбүнчө биздин товарларды "Казакстандын атынан" деп белек кылчу. Бир ирет Голливуд жылдызы, актриса Сигурни Уивеге менин бир панномду жана моюн орогучумду белек кылышкан. Кыргызстандык мигрант кыздын ролун аткарып, Канн кинофестивалындагы баш байгени жеңип алган Самал Еслямова дагы биздин кийимди сыйлык тапшыруу аземине кийип чыккан. Эстесек, биз тиккен кийимдерди көп эле белгилүү кишилер алыптыр.
— Алар кийимдериңерди кайдан алат?
— Көпчүлүгү Санта-Феде өткөн фестивалдан алышат. Мындан сырткары, биз менен чогуу иштеген өнөктөштөрдүн дүкөндөрүнөн алышат.
— Интернеттен Американын белгилүү мода сүйүүчүсү Беатрикс Осттун дагы кыргыз оюу-чиймелери түшүрүлгөн пальто кийип турганын көрүп сүйүндүк эле…
— Ооба, ал дагы биз тиккен кийим. Санта-Фе шаарындагы фестивалда Шарлотта Мосс деген дагы бир АКШнын белгилүү дизайнери жумуштарыбызды көрүп, жаккандарын тандап сатып алып, өзүнүн атынан мода көргөзмөсүн уюштурган. Беатрикс Ост кийимдерибизди ошол көргөзмөдөн жактырып калыптыр. Бүтөрү менен жайкы пальто, юбка, көйнөк алып "Кыргызстанда тигилген" деп социалдык тармактагы баракчасына жарнамалаган. Мындан сырткары, биз Ibu Movement, Gypsy-global, HoonArts деген америкалык бренддер менен дагы иштешебиз.
— Кийимдериңер жүндөн, кийизден жасалат турбайбы. Чет өлкөлүктөрдүн кийизден жасалган буюмдарга болгон көз карашы кандай?
— Кийизди иштеткен жагынан мен билгенден Кыргызстан биринчи орунда турат. Андан кийинки кезекте Непал. Көп эле жарманке, фестивалдарга барып жүрөм, бирок кийизди иштеткен жагынан кыргыздар азырынча эч кимди алдына чыгарбайт.
— Сиңдилериңиз тууралуу да айтып берсеңиз…
— Негизи баарыбыз тең эле окшош нерселерди жасайбыз, башкача айтканда, кийиз, жүн менен иштейбиз. Болгону ар биринин өзүнүн өнөрканасы, дүкөнү бар. Бирөө моюн орогуч жасаса, башкасы көйнөк тигет. Бир сиңдим Казакстанга турмушка чыккан, ошол жактан ишин улантып жатат. Дагы бири Өзбекстанда жашап, Ташкентте ушул бренддин дүкөнүн иштетет. Айтор, баарыбыз өнөр аркалап келе жатабыз.
— Баарыңардын бирдей өнөр аркалап калышыңарга бир нерсе себеп болсо керек?
— Эң алгачкы эмгектериңер тууралуу да айтып берсеңер?
— Мен панно жасап, кийизден тактай бетине ар кандай сүрөт, оюуларды тартып, ала кийизге да оюу түшүрчүмүн. Азыр деле жасайм, болгону буюртма көп болгондуктан ага убакыт жок. Сиңдилерим болуп ишкерликти моюн орогучтан баштадык. Башкалардыкынан биздики оюусу жана сапаты менен айырмаланчу. Айрымдары "моюн орогучка, кийимдерге шырдактын оюусун салып коюптур" деп кеп кылып чыкты. Бирок оюу шырдакка эле түшүрүлбөйт да.
— Кыргызстандан буюртамалар көп эле түшөбү?
— Алгандар бар, бирок аз. Роза Исаковна жакында эле чет өлкөгө болгон иш сапарынын алдында келип, "силердин кийимдерди кийип көрө элек экенмин" деп чапан, көйнөк алып кеткен. Бизге азыр чет өлкөлөрдөн буюртмалар көп түшүп жатат. Жакында эле "силердин эскиз, үлгү менен иштеп көрөлү" деп Италиянын дизайнерлеринен буюртма түштү. Азыр ошолорго атайын эскиздерди жасап жатам.