00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Иран и Кыргызстан: о взаимодействии в экономике и построении новых маршрутов
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБде органикалык азык-түлүк боюнча күчтүү атаандаштык түзө алабыз — жаңы мыйзам кабыл алынат
09:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему в Кыргызстане хотят усложнить создание ТСЖ
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу аймактарда кандай жүрүүдө?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Азыркы жаңы тууну тескери илип алуу мүмкүн эмес. Туу жасаган ишкана менен маек
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Анда Бурулайды ким өлтүргөн? Соттон кийинки ой

© Фото / Сергей КеллерПортрет Бурулай Турдалы Кызы на фасаде общежития Бишкекского медицинского колледжа по улице Логвиненко
Портрет Бурулай Турдалы Кызы на фасаде общежития Бишкекского медицинского колледжа по улице Логвиненко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакшы жатып жай турдуңузбу, замандаш?

Бурадарда 28-ноябрдагы маанилүү делген окуяларды тизмектеп, назарыңызга сунуштайбыз.

Кечээки күнү эл кулак түргөн маалыматтардын бири — киши колдуу болуп көз жумган Бурулай кыз боюнча соту экенин айтпасак деле аңдап турган чыгарсыз. Ала качып, кийин милициянын кеңсесинде кызды бычактап өлтүрдү деп шектелип жаткан жигит Марс Бөдөшев сотто окуянын чоо-жайын айтып берди. Мындан кийин окуя дагы чаташып, көп суроолор жаралган бойдон калды. Ошондо милициянын имаратынын ичинен ызырынып, сөгүнүп өтүп кеткен ким болгон? Кыз кимге күлө багып караган? "Мен аны карап калсам, Бурулай күлүп койгон. Ошол бойдон эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын", — деп бүтүргөн соттогу сөзүн Бөдөшев.

Тергөө аяктамайын, сот акыркы чечимин чыгармайын кыздын кырчындай өмүрүн ким кыйгандыгын билүү эми кыйын тейде калды… Кандай болгон күндө да чырактай кыздын жанын кыйгандар жазасын тартышы керек. Ары карап кеткен кишинин жанын койгулачы дегендер четтен чыгар, бирок колу менен жасагандар күнөөсүн башы менен тартышы лаазым.

Кечкурун күндөшүнүн кофесине сымап кошуп өлтүрүүгө аракет кылды деп күнөөлөнгөн аял 9 жылга кесилгендиги боюнча маалымат келип түштү. Аны окугандан кийин бактыңды ошентип талашып эмне мураска жеттиң, сабыр кылбапсың, кап… деген ой келет. 

Дагы бир тагдыр… Ошто Танзила аттуу келин жашайт экен. Москвада иштеп жүргөн күйөөсү өмүрлүк жарынын ракка кабылганын укканда кумга сиңген суудай жок болуптур… "Жолдошум ушундай оор күндөрдө жөлөп-таяп жанымда болуп, балдарыма каралашмак турсун дайынын билдирбей кетти. Мындай тагдырга туш болом деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес", — деп көз жашын көлдөтсө, жүрөк тилинет.

Ага улай эле ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматов алиментти толук эмес, жарым-жартылай да төлөбөй качып жүргөн аталардын акесин мыйзам жолу менен таанытуу керектигин айтты. "Белгилей кетүүчү жагдай, бул жерде жоопкерчилик өз жанын араң багып жүргөн, иши же үйү жок эркектерге эмес, колунда бар, тентек, кара өзгөй эркектерге карата багытталган. Алар чет өлкөгө бир гана эс алуу, убактыларын кызыктуу өткөрүү үчүн чыгып турушат", — деди Шыкмаматов. 

Жетимдин пешенесин сылап, жүзүнөн сүй. Бишкекте жакшы саамалык болуптур. №24 мектеп-гимназиянын окуучулары ата-энелери жана класс жетекчилери менен биргеликте жетим балдар үйүнө барды. Бөбөктөргө момпосуй берип, ойноп, сүйлөшүп, абалын сурап кайтышыптыр. 

Бурадарды жакшы маанай менен жыйынтыктагыбыз келип турат. "Дүйнөнү сулуулук сактайт" дешет эмеспи. Береги таберик сүрөттү карасаңыз. 1984-жылы Нарында тартылыптыр. Сонун! 

Баса, Кыргызстанда сасык тумоо менен грипп күчөп турат. "Сактансаң сактайм" дейт, абайлаңыз. Эгер Бишкекте болуп, аталган илдетке чалдыкпаш үчүн эмдетем десеңиз, эртерээк жасатыңыз. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.78 (сатып алуу) жана 69.90 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 47.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жамандыкты амандык жеңет.

Жакшы маанай каалап, Нургүл Максутова.

Жаңылыктар түрмөгү
0