Кожожаштын суйкайган Айкеси. "Ак илбирстин тукумундагы" таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндоону улантат.

Актриса Гүлнара Чокубаеванын бул сүрөтү 1984-жылы Нарында тартылган.

Ал жылы режиссер Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде фильм тарткан.

Ошол кезеңди КР Эл артисти Жамал Сейдакматова мындайча эскерет:

"Тасманын сценарийин Мар Байжиев менен Төлөмүш Океев жазгандыктан алар актрисаларды өздөрү тандап, дараметин байкап алышкан. Чындыгында чыгармачыл топ ар кыл улуттан чогулгандыктан күчтүү болгон. Мен байдын байбичесинин ролун аткарсам, сүрөттөгү Гүлнара Чокубаева токолун ойногон. Зулайканын образын жараткан Гүлнара Абдыкадырова экөө жаңы эле Москвадан Мамлекеттик кинематография институтун бүтүрүп келишкен. Тасманын көпчүлүк бөлүгү Ат-Башынын жайлоосуда тартылган. Элестеткиле, массовкага өлкөдөгү бардык театрлардын артисттери тартылып, тоодо жүздөгөн боз үй тигишкен. Анысы аз келгенсип, кыз-келиндердин зер буюмдарын атайын аймактарды кыдырып чогулткан", — деп эскерди актриса.

Шаар четине чыгып урушуп келишчү. Рыскулов менен Күмүшалиеванын таберик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Шаар четине чыгып урушуп келишчү. Рыскулов менен Күмүшалиеванын таберик сүрөтү
Сүрөттө нойгуттардын билерманы Мундузбайдын карындашы Жаркындын турмушка узап жаткан ирмеми чагылдырылган. Анда байдын бийбичеси Бегайымдын ролун аткарган Жамал Сейдакматова, жеңенин образын ачып берген Гүлсара Ажыбекова кошок кошуп отурушат.

Фильмде Догдурбек Кыдыралиев, Ашыр Чокубаев, Алиман Жанкорозова, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актерлору роль жараткан.

"Ак илбирстин тукуму" 1985-жылы көрүүчүлөргө сунушталып, Берлинде эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0