Танзила Эргешова: ракка кабылганымды билген күйөөм таптырбай кетти

Жазылуу
Ош шаарынын 28 жаштагы тургуну Танзила Эргешова рак илдетине чалдыгып, үч айдан бери өз алдынча баса да, отура да албайт. Учурда ал Оштогу облустар аралык онкологиялык борбордо дарыланууда.

Танзиланын жети жашар уулу жана бир жашар кызы бар. Кара-Суу районунун Жданов айылына турмушка чыккан. Жолдошу Россияда мигрант катары эмгектенип жүрөт. Бирок жубайынын дартын уккан соң телефон номерин алмаштырып, дайынын билдирбей кеткен.

"Учурда ооруканада радиотерапия менен химиотерапия алып жатам. Рак илдети алгач оң бөйрөгүмдөн табылып, бөйрөктү операция жолу менен алдырдым. Бирок ага карабастан метастаза сөөгүмдү жабырката баштады. Ошондуктан оң ыптам кыймылдабайт, өз алдымча басып, тамактана албайм. Үч айдан бери төшөктөн тура албай жатам. Эки баламдын тагдыры эмне болот деп көзүмдүн жашын тыя албайм. Жолдошум ушундай оор күндөрдө жөлөп-таяп жанымда болуп, балдарыма каралашмак турсун дайынын билдирбей кетти. Мындай тагдырга туш болом деп үч уктасам түшүмө кирчү эмес", — деди Эргешова.

Оор илдет менен күрөшүп жаткан Танзиланын таянары бир гана апасы жана бир туугандары. Атасы каза болуп калган.

Апасы Сүйүмкан Иттуйбасова кызынын кайын журтуна жардам сурап кайрылып, бирок жооп болбогонун айтат.

Швейный цех, где трудятся женщины, страдающие онкологическими заболеваниями - Sputnik Кыргызстан
Оорумду укса апамдын көзү көрбөй калат. Ракка чалдыккан беш аялдын тагдыры
"Кызым учурда ооруну сездирбей турган дары-дармектердин жардамы менен гана илдетине туруштук берүүдө. Өз алдынча тамак жегенге мүмкүнчүлүгү жок. Бардык дарылар кымбат. Ай сайын 50-60 миң сомго чейин каражат сарптап жатабыз. Атасы каза болуп калган. Мен жанында карап жаткандыктан жумушка чыга албайм. Уул-кыздарым жана Танзиланын достору каражат жагынан жардам берип жатышат. Бирок кызымды бул илдеттен арылтуу үчүн Корея өлкөсүнөн дарылатууга 30 миң доллар керектелет экен. Мындай чоң суммадагы каражатыбыз жок болгондуктан кайрымдуу жарандардан жардам суроого мажбурбуз", — деди бейтаптын энеси.

Танзила Эргешова кесиби боюнча юрист. Ош мамлекеттик юридикалык институтун аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0