Бишкекте "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өтүп, жеңүүчү аныкталды.
АКШнын Нью-Йорк шаарында Victoria's Secret брендинин ич кийимдер коллекциясы көрсөтүлдү.
Португалиядагы Назаре шаарында бийик толкундардын сезону башталып, дүйнөнүн булуң-бурчунан серферлер келүүдө.
Москвадагы Кызыл аянтта 1941-жылдагы параддын урматына арналган жөө жүрүш уюштурулду.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Россиянын президенти Владимир Путинге сабы алтын жалатылган камчы белек кылды.
Кытайда Дэнфэн аймагында соода фестивалы уюштурулду.
Ал эми Бишкектеги Кожомкул атындагы Cпорт сарайында эл аралык ММА мелдеши өттү. Ереванда (Армения) "КМШ топ-модели — 2018" сулуулук конкурсу болду.

Бишкекте "Кыргызстан сулуусу — 2018" сынагы өтүп, жеңүүчү деп Ысык-Көл облусунан келген Айжан Жеңишова табылды

Бишкектеги эмен багы паркы. Күз

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Россиянын президенти Владимир Путинге сабы алтын жалатылган камчы белек кылды

АКШнын Нью-Йорк шаарында Victoria's Secret брендинин ич кийимдер коллекциясы көрсөтүлдү

Тайвандын Пиндун шаарында кайыктарды өрттөө боюнча диний фестиваль өттү

Назаре (Португалия) шаарындагы бийик толкундагы серфер

Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн J-10 учагы. Чжухай шаарындагы авиасалон

Кызыл аянтта (Москва) 1941-жылдагы аскерий параддын урматына жөө жүрүш уюштурулду

Калькуттада кылымдардан бери келе жаткан Аннакут фестивалы өттү. Ага катышкандар ыйык чиркөөнүн башынан ыргытылган күрүчтү тосуп алууга аракет кылышууда

Севастополдо "Менин мамлекетимдин желеги" акциясы өттү

Эставайер-Ле-Лак (Швейцария) аймагындагы бакалардын музейинде

Нью-Йоркто өткөн марафондун катышуучусу

Курьер кунг-фу өнөрүн көрсөтүүдө. Кытай

Нью-Йоркто Radio City Christmas Spectacular мюзиклинин катышуучусу

Бишкектеги Кожомкул атындагы Cпорт сарайында эл аралык ММА мелдеши өттү

Лондондо көчө сүрөтчүсү Бэнксинин экспонаттары

Калифорниянын түндүгүндөгү токойдо 8-ноябрда өрт чыкты. Акыркы маалымат боюнча өрт 45 миң гектарга жайылып, 25 кишинин өмүрүн алды

Mercedes-AMG G 63 SUV жол тандабасы Сан-Паулудагы эл аралык автосалондо элге тартууланды

"КМШ топ-модели — 2018" сулуулук конкурсунун катышуучусу Ева Багдасарян

Филиппиндердин Навотас аймагын өрт каптады. Кырсыктан кийинки сүрөт

Кытайдын Учжэнь дарыясындагы балыкчы
