БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Даир Кенекеев "Учкун" ишканасына жетекчи болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
Өкмөттөгү булак Кенекеев аталган мекемеге жетекчи болуп дайындалганын тастыктады.
Буга чейин ал 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын апрелине чейин вице-премьер болуп иштеген.
Ага дейре өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.