БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Борбор калаада 76-театр сезону ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, жаңы сезон 17-ноябрда Опера жана балет театрында башталат. Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде даярдалган композитор Калый Молдобасановдун "Саманчынын жолу" балет-ораториясы коюлат.
Иш-чара Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90-жылдыгына карата өткөрүлмөкчү.