Көзөмөл камерасына түшүп калган кадрларды Hurriyet Daily News басылмасы жарыялады.
Маалыматка караганда, окуучу сыртта мектепке барчу автобусту күтүп турган жеринен питбуль менен дагы бир жолбун ит ага асыла баштаган. Ошол маалда кыздын кыйкырыгын уккан энеси үйдөн чыга калып, итти кууп ийгенге аракет кылат. Бирок аракетинен майнап чыккан эмес.
Видеодо көрүнүп тургандай, жаныбар кызды кое берген соң энесине жабышкан. Ары-бери өткөндөр итти таяк менен башка койгулап жатып ажыратышкан.
Ит окуучунун колу менен башын, аялдын манжаларын тиштеген. Жыйынтыгында кызга операция жасоого туура келген.