БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жума күнү, 26-октябрда Москва шаарына жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.
Бир жума мурда Кыргызстандын парламенти премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сунуштаган 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбековду тышкы иштер министри кылып бекиткен.
"Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жума күнү, 26-октябрда Москвага жумушчу сапары менен барып кесиптеши Сергей Лавров менен жолугат", — деди Дыйканбаев.
Эскерте кетсек, буга чейин министрликти жетектеп келген Эрлан Абдылдаев 12-октябрь күнү кызматынан кетип, өкмөт башчы аталган кызматка Кыргызстандын Япониядагы элчиси Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлигин сунуштаган. Парламенттин колдоосунан кийин ал президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен кызматка бекиген.