БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Комил Рашидовду кабыл алганын аталган министрлик билдирди.
Маалыматка ылайык, элчи Айдарбековго Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун куттуктоосун жеткирген.
Жолугушуу маалында кыргыз-өзбек кызматташтыгы боюнча маселелер каралып, буга чейин сүйлөшүлгөн макулдашууларды жүзөгө ашыруу жолдору талкууланды.
Министрлик кызматка жаңы дайындалган Чыңгыз Айдарбеков буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько менен да жолугуп сүйлөшкөн.