БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов ушу тапта издөөдө. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Эскерте кетсек, 18-октябрь күнү Биринчи Май райондук соту Илмияновду камакка алуу боюнча токтом чыгарып, аны УКМКнын тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.
"Икрамжан Илмияновго издөө жарыяланган. Ал 2018-жылдын июнь айында өлкөдөн чыгып кеткен, азыр кайда экени белгисиз", — деп айтылат маалыматта.
Комитет издөө иштерин жүргүзүп жатканын кошумчалады.