Бүгүнкү "Тибирке" рубрикасында эскирген сөздөрдү чечмелөөнүн улантабыз. Маалыматтар "Манас" эпосунун сөздүгү электрондук китебинен алынды.
Астана — босого. Тоонун жылгасынын, капчыгайдын оозу;
Бакай — жылкынын туяктан жогорку биринчи муун менен жиликтин ашташкан жериндеги топ кыл. Бул сөз кээде кара малдын башка түрлөрүнө карата да айтыла берет;
Бакалоо — кароо, көзөмөлдөө;
Бакан коюу — толготуп жаткан аялдын төрөтүн жеңилдетүү максатында иштелген аракет. Толготкон уял түбүнө олтуруп, эки колдоп кармап асылып, таяныч катары пайдаланууга ылайыкталып боз үйдүн ичине орнотулган жыгач.
Бедер, бедел — толгон ай. Өтмө мааниде кадыр-барк, аброй, урмат. Толгон айдай чырайлуу деп сыпаттаган сөз бар.
Буудан — талыкпас күлүк ат;
Бычан — толук бышып жетиле элек чөп, эгин;
Баар — эрте жаз, жаздын алды;
Галмит — булут, туман баскан караңгы түн;
Жакут — асыл таш. Жашыл сапфир менен кызыл лаалдын (рубиндин) жалпы аты.
Зоолу — колу-бутка, моюнга салынуучу чынжырлуу кишен. Өтмө мааниде бирөөгө көз каранды же таасиринен чыга албаган адамга карата да айтылат;
Кумган — жезден же чоюндан жасалган, негизинен колу-бетти жууп, даарат алуу үчүн жасалган, туткасы, чоргосу бар, кумура тибиндеги идиш;
Мандыкер — убактылуу жалданып иштеген адам. Көбүнчө кара жумуш иштеген дыйкандар, усталар;
Отоо — чакан өргө же боз үй. Муну көбүнчө улам жайыт которуп, мал менен тез-тез көчүп-конгон малчылар же жортуулга чыккан жоокерлер колдонушкан;
Оттук — от күйгүзүү үчүн колдонулган чакмак таш. Эзелтен бардык элдер колдонуп келген;
Сынч — устун;
Сээр — сыйкыр, көз боемочулук, магия;
Ултаң — өтүктүн таманы. Ултаң бет — уятсыз, абийирсиз (бети өтүктүн таманы маанисинде).
Чайдоос — чай кайнатылуучу атайын идиш. Моюндуу, ооз жагы кууш, түбү жазы болуп жезден жасалат;
Шап — кылыч. Кээде канжар маанисинде да айтыла берет;
Эрөөл — согуш майданында касташкан эки тараптан бирден тандамал жоокер ортого чыгып, жекеме-жеке куралдуу салгылашуусу;