00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
Геополитика и ценности: почему западные нарративы в Евразии приводят к росту национализма — беседа с экспертом из Минска
14:08
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Цифровизация в каждом предмете или как в АГУПКР готовят современных управленцев
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жогорку окуу жайлар эми илимди өндүрүшкө чыгара алабы? Жарлыктын келечеги
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Как изменилась роль местных властей за 35 лет независимости Кыргызстана
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Вермахтын аскерлери “II фронт деп корккон партизандар”: Дүйнөлүк II согуштагы каршылык көрсөтүү кыймылдары
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Личный интерес
«КАСКО Эконом»: сколько стоит защитить машину от ДТП в 2026 году
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда аялдардын репродуктивдик ден соолугунун абалы кандай?
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Справка, доверенность, расписка. Документтердин кыргызча аталышын билесизби?

© Sputnik / Табылды КадырбековДокументтерди көтөрүп бараткан офис кызматкери. Архив
Документтерди көтөрүп бараткан офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумушка орношууда, ооруканага барганда, сотко кайрылууда, айтор, кайсы мамлекеттик органга барба сөзсүз түрдө кандайдыр бир кагазды толтурууга туура келет. Бардык эле жарандар ал документтердин кыргызча аталышын биле бербесе керек.

Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында жай турмушта көп колдонулган айрым документтердин кыргызча маани-маңызы менен которулушун сунуштоону туура көрдүк. Буга тилчи-лексикограф Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүк" жана "Кыргызча-орусча юридикалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгү" адабияттары колдонулду.

Акт — бир нерсени күбөлөндүрүүчү расмий документ. Ал мамлекеттик орган, кызмат адамы тарабынын мыйзамда белгиленген таризде чыгарылып милдеттүү аткарылуучу күчкө ээ болот.

Декларация — жарыялоо, айкындама. Ар кандай керектүү маалыматтар жазылган, жарыяланган расмий документтердин наамы.

Договор — келишим.

Доклад — баяндама. Белгилүү бир тема, маселе боюнча көпчүлүктүн алдында айтыла турган баяндама. Мисалы, отчеттук доклад, илимий темадагы докладдар бар.

Доверенность — ишеним кат.

Жол кайгуул кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ХИПК, ФАП, ЖКККББ. Такалып калдыңызбы? Аббревиатураларды чечмелейбиз
Заключение — жыйынтык, корутунду, натыйжа. Мисалы оору, дарт жөнүндө дарыгердин жасаган корутундусу.

Заявление — арыз, даттануу. Арыз жазуу жүзүндө жана оозеки берилиши мүмкүн. Аларды кароонун тартиби даттануу тартибин карагандай эле болот.

Кодекс —коомдук турмуштун белгилүү бир жагы боюнча системалаштырылган мыйзамдардын жыйнагы.

Конституция — өлкөнүн коомдук жана мамлекеттик түзүлүшүн, шайлоо системасын, мамлекеттик органдардын иштерин, уюштуруу принциптерин, жарандардын негизги укуктары менен милдеттерин белгилөөчү, аныктап көрсөтүүчү негизги мыйзам.

Меморандум — өкмөттүн белгилүү бир маселе боюнча көз караштары баяндалып жазылган дипломатиялык документ.

Направление — жолдомо кат.

Положение — жобо, ченемдик укуктук акт. Анда белгилүү бир мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин же бир тектүү органдар, мекемелер, уюмдар тутумунун укуктук статусу, уюштурулушу, иш тартиби толук белгиленет.

Постановление — токтом.

Приказ — буйрук.

Протокол — жыйында, чогулушта, суракта айтылган сөздөрдүн, кабыл алынган чечимдин бардыгы жазылган документ.

Распоряжение — тескеме.

Расписка — тил кат. Бир нерсени алгандыгын ырастап колу коюлган документ.

Элечек кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бешенең куник болсо, күзгүдөн өпкөлөбө! Өзгөчө сөздөн кеп курап...
Рекомендация — жазуу же оозеки түрдө кандайдыр бир кызматка кирүү же уюмга өтүүгө сунуш кылуу максатында көбүнчө мактап берилген баа, мүнөздөмө.

Соглашение — келишим, келишүү, макулдашуу, ынтымакташуу.

Справка — маалымкат. Бирөө же бир нерсе жөнүндө кыскача маалымат берген документ.

Указ — жарлык. Мамлекет башчысы (президент) чыгарган маанилүү актылардын аталышы.

Устав — кандайдыр бир уюмдун түзүлүшүн жана иш аракетин аныктоочу эрежелердин, жоболордун жыйындысы.

Жаңылыктар түрмөгү
0