Убадасыз кишиден жүрүп кеткен жел артык! Орусчасы кандай болуп калат?

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын макал-лакабын кой, катардагы нукура сөзүн орусча которуп айтуу көбүбүз үчүн түйшүк. Ошентсе да алардын тектеш маанисин табууга мүмкүн.

Улуттук кийим кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Катын" десе капаланбаңыз, "селки" десе секирбеңиз. Аялзаттын аталышы
Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасы дал ушул темага байланат. Кезинде профессор жана кыргыз таануучу Константин Юдахин кыргызча жана орусча макал-лакап, накыл кептердин эквивалентин таап, китеп жазган. Анын электрондук варианты ТамгаСофт сайтына жайгаштырылган. 

Макалдар абдан көп болгондуктан темага бөлүп берүүнү эп көрдүк, бүгүн адамзатка байланыштуу сөз болот.

Адам болор кишинин адам менен иши бар,
Адам болбос кишинин адам менен неси бар.

1. Какову дружбу заведешь, такову и жизнь поведёшь.
2. Добрый Иван — и людям, и нам, худой Иван — ни людям, ни нам.
3. В добром житье лицо белится, а в худом — чернится.
4. Согласие между людьми прочнее каменной стены.

Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.

1. Человек не скотина: его словом убить можно.
2. Бритва скребёт, а слово режет.
3. Честное слово и буйную голову смиряет.

Адамга — ишарат, айбанга — келтек.

1. Умный только свистнет, а находчивый смыслит.
2. Сказано — сделано.

Адамга өлүм ак. Өңгө жалган өлүм ак.

1. Всяк умрёт, когда смерть придёт.
2. Сколько людей, столько смертей.
3. Человек два раза не родится, и два раза не умирает.

Адамга чычалак жарашпайт,
Атка жаталак жарашпайт.

1. Не зазорно быть покорным.
2. Не спесь красит человека, а простота.
3. Умеренность — мать здоровья.

Адамды кийиминен тааныбайт, ишинен тааныйт.

Не суди об арбузе по корке, а о человеке по платью.

Адамдын көркү — чүпүрөк, жыгачтын көркү — жалбырак.

Листом красиво дерево, а одеждою — тело.

Адамзаттын жакшысы — азыраак сүйлөп, көп тыңшайт
Аргымактын жакшысы — азыраак оттоп, көп жуушайт.

1. Кто храбр и лих, бывает скромен и тих.
2. Любому молодцу скромность к лицу.

Терең дарыя тынч агат, акылдуу киши тынч айтат.

Кто скромный, тот умней.

Убадасыз кишиден жүрүп кеткен жел артык.

1. Его слова на воде писать
2. Туда сюда, как попова дуга.

Ырыскысыз адам болбойт.

Родится роток, родится и кусок

Эки киши күнөөкөр болсо, бир киши данакер.

Свет не без добрых людей.

Эки тoo кошулбайт, эки киши көрүшөт.

Гора с горой не сходятся, а человек с человеком сходятся.

Сараң адамдан кесип алса кан чыкпайт.

1. Огня взаймы не даст.
2. У него середь зимы снегу не купишь.
3. У скупого и в крещенье льду не выпросишь.

Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет.

1. Живучи — до всего доживешь.
2. Была бы голова на плечах, а хлеб будет.
3. Поживи подольше, так увидишь побольше

Мал арыгын сыйласаң, ооз майлайт, киши арыгын сыйласаң, төбө кандайт.

1. За мое же добро, да мне же переломили ребро.
2. Вместо спасибо, да меня же в рыло.
3. Я к нему с добром, а он ко мне с дерьмом.

Кылычты ар ким байланат, чабарына келгенде кандай киши шайланат.

Мало отвагу иметь, надо сражаться уметь.

Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.

1. Труд — лучшее лекарство.
2. Труд на ноги ставит, а лень валит.

Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.

1. Не горюй о деньгах, не они нас нашли, а мы их.
2. Деньги дело наживное.

Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.

Завистливый по чужому счастью сохнет.

Жер кишинин акысын жебейт.

1. Каково сеется, таково и веется.
2. Что посеешь, то и пожнешь.

Балалык кишиге эки келет: бири карыганда, бири жашында.

1. Человек два раза глуп живет: стар да мал.
2. Старый, что малый, а малый, что глупый.

Алты уулдуу кишинин алты арышта малы бар.

У кого детки, у того и ягодки.

Жаңылыктар түрмөгү
0