00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жакалаганы аз келгенсип, таш менен уруп... КРде журналист запкы көргөн 6 окуя

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения на журналистов
Случаи нападения на журналистов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки айда Кыргызстанда журналисттерге кол салып, ороңдоп бир тийип, тилдегенге чейин жетип жаткандар көбөйдү. Алардын арасында парламент депутаттарынан тарта күзөтчүлөргө чейин бар.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ЖМК өкүлдөрү мекендештеринен запкы көргөн алты учурду тизмектеди.

Бурулай Пусурманкулова

Ушул жылдын 8-август күнү "Ала-Тоо 24" каналынын кабарчысы Бурулай Пусурманкуловага Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын жетектөөчү адиси Рустам Бейшеналиев орой мамиле кылып, жаман сөздөрдү сүйлөгөн. Журналист чиновник менен мыйзамсыз курулуш жөнүндө тартканы барганда кезигип калган. Эртеси күнү мэриядан Бейшеналиев Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын Этика кодексинин №5 беренесин так аткарбагандыгы үчүн кызматтан алынганын билдиришкен.

Николай Потрясов

30-августта Kaktus.media сайтынын журналисти Николай Потрясов Бишкекте бир нече жылдан бери курулуп бүтпөй турган имараттар тууралуу макала даярдап жаткандыктан, Юнусалиев көчөсүндөгү объектилердин бирине барат. Журналист сүрөткө тарта баштаганда, кароолчу күзөт агенттигинин кызматкерлерин чакырып, алар журналистке кол көтөргөнгө чейин барып, бири түз эфир учурунда аны таш менен урат. Ал ортодо күзөтчүлөр журналистти тилдегенге дагы жетишет. Кийин алар "Армата секьюрити" күзөт агенттигинин кызматкерлери экени белгилүү болгон.

Нурис Алымбаев

А бул окуя 20-сентябрь күнү болду. Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде жол инспекторлору терезеси караңгылатылган жол тандабасты токтоткон. Айдоочунун инспекторго карата орой мамилесине таң калган күбөлөр кеңсеси жакын жерде жайгашкан Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистин чакырышкан. Жерине келген кабарчы окуяны телефонуна тартып баштаганда, айдоочу ага атырылып, жакалап, телефонду алууга аракет кылган. Бул учурда айдоочу менен жолтандабастын жүргүнчүсү журналистти коркутуп, сөккөнгө жетишкен. Алардын жаңжалына инспекторлор кийлигишип, араң ажыратып калышкан.

Sputnik агенттиги ага чейин чууга себеп болгон унаада ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов жүргөн видеону жарыялаган болчу.

Эламан Карымшаков

Депутат Тазабек Икрамов менен Sputnik агенттигинин журналисти телефон аркылуу баарлашты

Андан үч күн өтүп, Sputnik агенттигинин башка журналисти Эламан Карымшаков жол инспектору менен журналистке көл көтөргөнгө чейин барган айдоочусуна кандай чара көргөндүгүн билүү үчүн депутат Икрамов менен телефон аркылуу байланышкан. Ошол учурда эл өкүлү "мен ал унаада мурда жүргөн видеону эмнеге жарыялайсыңар, келесоолор" деп урушкан. Депутаттын бул айтканы этикага туура келбесин, анын кесиптештери дагы сынга алышты

Юлия Костенко

"Мээмди оорутпа! Ажатканага барганымды карап туруп, туура эмес заара ушатты деп да жаз!" — деген сөздөрдү БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев 24.kg агенттигинин журналисти Юлия Костенкого айтты. Аткаминер журналисттин "эмне себептен жергиликтүү кеңештин депутаттарына берилчү төш белгинин эскизи туура эмес чийилип калган?" деген суроосуна кыжыры келген.

Болот Темиров

21-сентябрь күнү дагы бир бишкектик журналист кол салууга кабылды. Fасtcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров Орто-Сай-2 айылында жайгашкан үйлөрдүн бирин тартып жаткан кезде ага белгисиз киши кол көтөрүп, ур-токмокко алууга аракет кылган. Бирок Темировдун жанындагы адамдар окуяны видеого тартып жатканын айтканда, согүнгөн бойдон кетип калган. Бул тууралуу журналист өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган. Маалыматка караганда, журналист УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге тиешелүү делген үйдү видеого тартып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0