БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы мектептин кампасындагы 80 тонна көмүр күйүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталып жатат.
Андан сырткары ӨКМдин маалымдашынча, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында сарай өрттөнүп, 470 түк чөп, бир тонна арпа жана эмеректер күйгөн. Тилсиз жоо отко этиятсыз мамиле кылуудан чыккан.