БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бир нече автоунааны пайдалана тургандыгын айтып, ак түстөгү жол тандабастын айдоочусу боюнча окуяны шашпай тактай тургандыгын билдирди.
Эл өкүлү учурда чет өлкөдө командировкада экенин, 24-сентябрда келерин айтты.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттиги кайсы эл өкүлү кандай автоунаа менен ишке келет деген видеодо депутат Икрамов дал ушул автоунаадан түшкөн.
НТС телеканалынын журналистери да ал окуя боюнча Тазабеков менен байланышкан. Анда эл өкүлү буларды билдирген.
"Бул окуя боюнча мен ЖМКлар аркылуу билдим. Бирок анын келип чыгышына ЖКККБдын инспекторлору күнөөлүү. Анткени алар караңгылатканга уруксат берген кагаздарга көңүл бурбай эле журналисттерди чакырган", — деди Икрамов.
Ошондой эле ал айдоочулар окуя ЖМКларга чыгып кетет деп коркуп, журналисттин колунан телефонду алып калууга аракет кылгандыгын кошумчалаган.
Бишкек ШИИБ ЖКККБнын маалымат кызматы окуя боюнча кызматтык териштирүү дайындалып, айдоочу жана кызматкерлердин иш-аракеттерине укуктук баа бериле тургандыгын кабарлады.