БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Италиялык "Ювентус" футбол клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду команданын бул сезондогу Чемпиондор лигасындагы алгачкы мелдешинде оюндан чыгарылды. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Беттеште "Ювентус" испаниялык "Валенсияны" 2:0 эсебинде утуп алды. Италиялык футболчуларга жеңиш алып келген эки голду тең пенальти жолу менен жарым коргоочу Миралем Пьянич киргизди. Ал эми Роналдуга 29-мүнөттө кызыл карта берилди.
Интернет колдонуучулар футболчу оюндан чыгарылган учурда көзүнө жаш алганын жазып чыгышты.
Cristiano Ronaldo Crying RED CARD Valencia — Real Madrid #ucl #valencia #cristiano #ronaldo #realmadrid #juventus pic.twitter.com/fTRsfRIyxU
— Footy GIF (@FootballGIF2018) 19 сентября 2018 г.
Башка колдонуучулар футболчуну эмне себептен оюндан чыгарышканы даана көрүнүп турган видеону жарыялашты.
За что удалили Криштиану Роналдуpic.twitter.com/vUC1JBTIQM
— СЭ Футбол РПЛ (@football_se) 19 сентября 2018 г.
Бул Криштиану Роналдунун Чемпиондор лигасында өткөргөн 154 мелдешинде алгачкы кызыл картасы.