Мадонна менен Майкл Жексондун ашпозчусунун кыргыз тамактары тууралуу маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековГерманиялык белгилүү ашпозчу Томас Гуглер
Германиялык белгилүү ашпозчу Томас Гуглер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиядан келген мейман Томас Гуглер тандырда какталып бышкан козу этинен бир чымчым ооз тийген соң аны бышырган кишиге ыраазы боло карады.

Кыргызстандык жаш ашпозчу эриген май жана жашылча аралаштырып чык даярдагысы келгенин, бирок кайра эттин өзүнүн маңызы чыгып, даамы артат деп чечкенин түшүндүрүп берди. Гуглер ага карап жылмайып, блокнотуна бир нерселерди чиймелей, калыстардын жыйыны үчүн боз үйгө кирип кетти.

Томасты дүйнөдөгү эң белгилүү ашпозчулардын бири десек да жарашар. Ал Кыргызстанга "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк ашканасы" тамак-аш фестивалына калыстык вазыйпаны аткаруу үчүн келген. Кезегинде Мадонна жана Майкл Жексон сыяктуу белгилүүлөрдүн ашпозчусу болгон. Анын даярдаган тамагын Сауд Аравиянын падышасынын да купулуна толгон. Тогуз тилде эркин сүйлөгөн Гуглер 12 миллион ашпозчуга жетекчи. Sputnik Кыргызстан аны менен сүйлөшүп кыргыз ашканасы кандай таасир калтырганын сурап билди.

— Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары тууралуу кандайча кабардар болуп, Кыргызстанга эмне үчүн келүүнү чечтиңиз?

— Бул сапарды мага Кыргызстандын ашпозчулар биримдигинин башчысы сунуштаган. Менимче, бул ашпозчулар өз жөндөмүн көрсөтө ала турган эң сонун аянтча. Анүстүнө көп журналисттер чогулат да (күлүп).

Сынакка бул чөлкөмдүн бардык булуң-бурчунан ашпозчулар катышты. Өтө жөнөкөй эле тамактарды даярдашат, бирок даамы бир укмуш экен!

© Sputnik / Табылды КадырбековТомас Гуглер: Кыргызстандык ашпозчулар тамакты сонун жасарына толук ишендирип кете алам! Алар даярдаган азыктардын баары тамшандырбай койбойт!
Известный повар из Германии Томас Гуглер - Sputnik Кыргызстан
Томас Гуглер: Кыргызстандык ашпозчулар тамакты сонун жасарына толук ишендирип кете алам! Алар даярдаган азыктардын баары тамшандырбай койбойт!

— Кыргызстандын командасынын даярдыгын кандай бааладыңыз?

— Кыргызстандык ашпозчулар тамакты сонун жасарына толук ишендирип кете алам! Абдан даамдуу болду. Алар даярдаган азыктардын баары тамшандырбай койбойт!

— Сиз мүмкүн жогорку деңгээлдеги ашкананы көбүрөөк баалайт чыгарсыз. Көчмөндөрдүн ашканасы табитиңизге туура келдиби?

— Дүйнө элдеринин байыркы улуттук ашканаларындай эле бөтөнчө бир сонун. Мында ашпозчулар баары эмнеден башталганын көрсөтүп беришти. Көчмөндөр деле биздин ата-бабаларыбыздай эле тамак жасашат.

Кыргызское национальное блюдо — быжы - Sputnik Кыргызстан
Гүлазык, олобо, керчөө. Эзелтен келе жаткан кыргыздын эт тамактары
Тамакты мындай ыкмада даярдоо оор кыйынчылыкты жана атайын жабдыкты талап кылбайт. Көчмөндөргө тамак даярдоодо эң башкысы бир аз отун, таш же кара металл кагаз, тууроочу такта, балта жана бычак гана керек.

Андан ары ой чабытка жараша, аймагыңызда оңой табылчу ар кыл азыктарды аралаштырып туруп эле даяр тамакка айлантасыз. Абдан даамдуу чыгат! Сиздердин ата-бабалардын ыкмасы менен даярдалган тамак башка өлкөлөрдө да жогору бааланарынан шегим жок.

Албетте, мезгил агымы менен ашкана абдан өзгөрүп, анча жагымы жок шекилдүү, мисалга, тез татым. Бирок биз кийинки урпактарга ашкана мурасын сактап өткөрүп берүүгө тийишпиз.

— Угушумча дүйнө элдеринин тамак даярдоонун байыркы ыкмаларын жыйнап жүрөт экенсиз, ушундайбы?

— Ооба, байыркы рецепттерди сактап калуу өтө маанилүү деп эсептейм. Биздин урпактар "өткөн чактын даамынан" татууга мүмкүнчүлүк алышын каалар элем.

— Кандайча ашпозчу болуп калгансыз? Ушул тууралуу айтып берсеңиз.

— Эки жашымдан тарта ашпозчу болууну самагам, анткени, чоң апам тамак жасаган маалдагы буркураган жыт менен ошол маалды ушундай сүйөр элем. Балалык кыялым болчу, анын аткарылышы үчүн талбай тырыштым.

Жалпысынан 13 өлкөдө жашоого үлгүрдүм, 9 тилде эркин сүйлөй алам. Тамак даярдоо боюнча дүйнө чемпиону болгом. Азыркы тапта бүткүл дүйнөлүк кулинардык коомчулук биримдигинин президенттигин аркалайм. Демек, 12 миллион ашпозчуну башкарам десем болот!

© Sputnik / Табылды КадырбековТомас Гуглер: эки жашымдан тарта ашпозчу болууну самагам, анткени, чоң апам тамак жасаган маалдагы буркураган жыт менен ошол маалды ушундай сүйөр элем. Балалык кыялым болчу, анын аткарылышы үчүн талбай тырыштым
Известный повар из Германии Томас Гуглер - Sputnik Кыргызстан
Томас Гуглер: эки жашымдан тарта ашпозчу болууну самагам, анткени, чоң апам тамак жасаган маалдагы буркураган жыт менен ошол маалды ушундай сүйөр элем. Балалык кыялым болчу, анын аткарылышы үчүн талбай тырыштым

— Королдук үй-бүлөлөр үчүн да тамак даярдаган жайыңыз бар. Алардын табитин табуу оор болсо керек…

— Биз алар жактырган тамакты даярдайбыз. Салттуу араб ашканасынан, батыш, француз ашканасынан да жасайбыз. Кандайдыр бир анык артыкчылыктар жок.

— Кайсы мамлекеттин ашканасы жеке өз көңүлүңүзгө төп?

Повар в японском ресторане Асылбек Асаналиев - Sputnik Кыргызстан
Япониядагы ашпозчу Асылбек: айына 3500 долларга чейин айлык алам
— Ар бир өлкөдө укмуш даамдуу тамак бар, ошондой эле даамы жагынан начары да жок эмес. Бирок жалпысынан мен Индия ашканасын ар кылдыгы үчүн жактырам, ошондой эле дайым жаңылыгы жана саламаттык үчүн ылайыктыгы менен азия ашканасына да кайдыгер эмесмин. Европалыктардын улуттук ашканасы "оор", азыктардын аябагандай көптүгү менен айырмаланат.

— Сүйүп жеген тамагыңыз кайсы?

— Бала кезимде чоң энемдин үзүм-үзүм камыр менен кууруп берген доңуз этин жана бөтөнчө даярдалган пиязды аябай жакшы көрчүмүн. Ал кишинин арабыздан кеткенине бир топ жыл болсо да ошол даам азыркыга дейре таңдайымда. Ал эми сиздин сурооңузга жооп иретинде жакшы жана сапаттуу даярдалган бардык тамакты жактырарымды айтар элем.

Жаңылыктар түрмөгү
0