00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 06:00
06:00
4 мин
Утро хорошего дня
Коннект-проект «Территория молодёжных идей» - как образовательные проекты и конкурсы объединяют талантливую молодежь
06:17
42 мин
Жаңылыктар
07:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Утро хорошего дня
Фестиваль с сердцем – как Национальное общество Красного Полумесяца помогает детям с инвалидностью, популяризируя спорт и благотворительность
08:04
33 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Видео с нарушениями водителей теперь можно отправить в мессенджер ГУОБДД. Как это будет работать?
12:04
41 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает Кыргызстану и ЦА — беседа с экс-замминистра обороны
14:05
44 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Будь в курсе
Что значит подготовиться к «материнству»? Советы инструкторов по родам
16:05
54 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Об экономике и не только
Экономика и безопасность – что обсуждали на Валдайском форуме в Уфе?
18:12
44 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
48 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:10
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
4 мин
ОГО! - Люди и события, которые нас удивили
Клубника на миллиард, обещания мэрии и изменчивая погода – самые эмоциональные события недели
18:14
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Элге эрмек болгон эл өкүлү

Жазылуу
Кутман таң! Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт.

Интернеттин күчү шумдук. Сени бир күндүн ичинде күтүлбөгөн жерден өлкөгө эле эмес, дүйнөгө таанытып "жылдыз" кылып коюшу толук мүмкүн болуп калды. Коомдук жайда адамдар туура эмес бир нерсе кылып же сүйлөп алгандан коркуп калды го.

Жогорку Кеңеште "көмүскөдө" жүргөн депутат Пархат Түлендыбаев деле бир күндө жылдыз болуп кетерин кайдан билди. Жергиликтүү телеканалдардын бирине гимнди жаңылып, жаңылып дагы эмес, таптакыр башкача кылып ырдап салып элге уят болду. Дагы бети кызарыптыр, элден кечирим сурап, гимнди толук, такалбай кайра ырдаган видеосун жүктөдү.

Буга, албетте, интернет таасирин тийгизди. Соцтармак колдонуучулары ага жандары кашайып, сөгүп, талкуулап эле жатып калышты. Бирок эл өкүлү кечирим сурады. Кечирим суроо, кечире билүү дагы асыл сапаттардын бири эмеспи. Андыктан элибиз депутатты кечирет деп ойлойбуз.

Баса, гимнди интернетте отуруп кыйын болуп жаткандардын баары эле толук билбесе керек. Жатка шатыратам десеңер бул тесттен өтүп көргүлөчү.

Sputnik Кыргызстан учурдан пайдаланып Пархат Түлендыбаев тууралуу кызыктуу фактыларды чогулта калды. 12 баланын атасы убагында эркин күрөш, бокс менен машыгып, азыр кыргыз спортчуларына ар тараптан колдоо көрсөтүп турат экен. Баса, ал Медет Садыркулов менен үзөңгүлөш болуп, Жогорку Кеңешке "Моя страна" партиясы менен келиптир. Үй-бүлөсү, жеке жашоосу, бизнеси тууралуу дагы билгиңер келсе бул материалды окугула.

Ал ортодо кабарчыбыз Бегимай Бакашева коомдук ишмерлерге "эмне үчүн аткаминерлер гимнди билбейт" деп суроо узатып көрдү.

Бүгүн болсо Көчмөндөр оюнунун 5-күнү. Көк бөрү боюнча Алтай командасы кыргыз улакчылары менен беттешүүгө чыкпай койсо, казак улакчылары Красноярск командасын ири эсеп менен жеңди.

Сумочулар да күч сынашты. Кызыктуу кармаштардын видеосун дагы көрүп койгула.

Бурулайдын өлүмү боюнча болсо сот иштери башталды. Окуянын жүрүшүнө Sputnik Кыргызстан көз салып турат.

Доллардын куну болсо көтөрүлө баштады.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.04 (сатып алуу) жана 69.30 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы сөз жан эргитет, жакындарга жылуу сөз арнаганды унутпайлы!

Эсенчилик тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0