Жол боюнча жаткан арстан электромобилдин рулундагы "өң-тааныш" адам – парктын жетекчиси Олег Зубковдун таанып, унааны "тебелеп-тепсеп" кирип келе жаткандыгын көрүүгө болот.
Видеону байкап турган адам арстан канчалык чоң болгону менен анын мышык сымал жоруктарын көрөт. Жаныбар жаны чыгып, коркуп, бирок сыр билгизбей отурган туристтердин бети-башын жалап-чуктап, салондун ичине кирип алган. Жырткыч кучак жеткис денеси менен отурган туристтерди жаап да калган.
Видеону көргөн интернет-колдонуучулар сафари-парктагы мындай мамиле жана кадамдын кесепетинен адам өмүрү менен кош айтышып калышы да мүмкүн деген пикирлерин калтырышкан.