Бешенең куник болсо, күзгүдөн өпкөлөбө! Өзгөчө сөздөн кеп курап...

Жазылуу
Кыргыз эли абалтадан сөздү түздөн түз же кургак айтпай, аны айкалыштырып, уйкаштырып, бир бүтүнгө бириктирип, ойду курч, таамай, тассирдүү, элестүү берген. Мындай түшүнүк кыргыз тилинин эрежесинде фразеологизм деп аталат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Фразеологизмдер сөздөрдүн таралашына карап, өз ара топторго ажырайт. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында түштүк, түштүк-батыш говорлордогу фразеологизмдер тууралуу кеп кылып, алардын адабий тилдеги маанисин сунуштайбыз.

Материалды даярдоого филология илимдеринин кандидаты, БГУнун профессору Жээнкул Жумалиевдин "Азыркы кыргыз тилинин диалекттери" китеби жардам берди.

Башы казак болуу — баш маң болуу
Алайга түшүү — күйөөгө чыгуу
Болуп койду — кызды кудалашып койду
Бир нокоту кем — келесоо, акмак
Кыматы жетүү — көз жумуу
Келте тил — тили кыска
Көзү күйүү — көзү өтүү
Колу жетик — колу жетиштүү
Медеге тийүү — ачуусуна тийүү
Тогуз пулдук пайда жок — эчтеке өнбөйт
Колу бышык — сараң, битир
Пул салбады — макул болбоду
Пулу күйүптүрбү? — сараңдык кылдыбы?
Бир кайнамы ичинде — бир аз кемчилиги, жетишпегени бар
Мойнун көтөрүп калыптыр — бой көтөрүп калыптыр
Көз оорудай болуп чыга калды — капыстан
Башына тартабы? — эмне кылмак эле?
Ат арабасы жок — баш аягы жок
Кулагын көтөр — шыкакта, күүлө
Кулагына окуп кой — жеткире түшүндүр
Тенгени теше сүйлөйт — сөзү курч
Башына камчы бүктөдү — коркутту, үркүттү
Бетин суука салды — каза болду
Мурдун тартып койбоду — тоотподу
Кадамын катыруу — жер жеберине жеткирүү
Жылын төө кылган — бааланган, керсейген
Жылынды төө кылба — ыксыз калп айтпа
Аш-паш дегиче, кемпир шабдалы жалмаганча — а-бу дегиче, көз ачып жумганча
Төбөсүн муздата кой — сазайын бер
Тең бербе — бой бербе
Мээсине палоо басуу — мээсине чай кайнатуу, теңирин таанытуу
Тамагын талга асты — ачка койду, тамак бербеди
Бешенең куник болсо, күзгүдөн өпкөлөбө — өңүң серт болсо башкага таарынба
Жел ооп жүрөт — ачка жүрөт
Шамыйан кайрыба — каяша айтпа
Бөрүнүн көзүн жеген — уйкусуз
Жаагына бычак кайрагыдай — кулагынан күн көрүнөт, өтө арык
Ак чөп башта — жаңылганда айтылчу сөз
Самыныма кир жуудуң беле? — сен мени жакшы биле элексиң
Апсаласы пир болду — көксөсү сууду, көңүлү тынчыды
Илеби жибибейт — эчтекеге жарыбайт
Кеп жеди — кайгырды, капа болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0