Биринчи макала
Өзгөчөлөнгөн жол
Эгемендик бизге үйгө айттырбай кирген кудайы коноктой капылет келген. Конокко коёр тамагы, жаяр дасторкону жок, болсо да даяр эмес үй ээси чый-пыйы чыгып, капсалаңга түшкөндөй бир топко чейин баш-аягыбызды таппай, айлабыз түгөнүп убара тарттык. Кыйналдык, кысталдык…
Өз жолубузду издедик. Бирде тапсак, бирде жоготуп, тапкан күндө да кээде алдыга жылсак, кээде кедерге кетип далай убакытты укум кылдык. Жорткон жолубуз, баскан багытыбыз кошуналарыбыздыкына окшободу. Эки ирет ыңкылап болуп, эчен ирет эреже – Баш мыйзам алмашты. Төртөөнү шайлап, беш президенттүү болдук. Тоталитаризмден башталган жол акырындап парламентаризмге алып келди. Канча сабак алдык, канча ката кетирдик…
Ошентип өлкөбүздүн өз алдынча түтүн булатканына отуз жылга чукулдады. Келечекке сапарыбыз ийгиликтүү уланыш үчүн мезгилдин бул үзүмүндөгү өлкөбүз басып өткөн жолго кайра саресеп салып, жакшылап талдап чыгуу кажет.
Күтүүсүз келген күнкорсуздук
Алгачкы ашуулар
Ошондой шартта кошуналарыбыз "Жаңы үйдү курбай туруп эски үйдү бузба" деп абайлап жатканда, кыргыз жетекчилиги шыр эле экономикалык реформаларды баштады. Реформалар экономиканы эркиндештирүү (либералдаштыруу) жол-жобосун үйрөткөн "Вашингтон консенсусундагы" принциптер менен батыштан келген билермандардын жетегинде жүрдү. Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараяны ашмалтайы чыккан абалда ишке ашты. Идея боюнча аукциондо, адилеттүү эрежелер менен сатылчу кымбат баалуу мүлктөр жең ичинен өз наркынын ондон, жүздөн, миңден бирине сатылды. Татыктуу ээсин тапса профилин өзгөртүп, иштеп, оожалып кетчү ишканалар, ошентип, таланып-тонолду. Заводдор базарларга айланды. Дат баскан шаймандары Кытайга ташылып, текейден арзанга кетти. Пионер лагерлеринин кыштарынан жеке үйлөр-короолор тургузулду.
Кыргызстан туш болгон шартта керек болгон тышкы түз инвестиция тартканга мыйзамдык да, моралдык да шарттар жок эле. Олуттуу инвесторлор кызыга турган аз гана тармактардын, маселен алтын өндүрүү тармагынын тагдыры да кууш чөйрөнүн кызыкчылыгына төп келгендей болуп жең ичинен чечилди.
1996-жылдан тартып билинер-билинбес болсо да экономикалык алга жылыштар байкала баштады. Борбордук Азияда биринчи болуп өз улуттук валютабыз сомду айлантууга киргиздик. Ал өз кезегинде "региондун доллары" делинип стабилдүү валюта болду. Эл-журт да жаңы шарттарга ыңгайлашып тиричилик курганга аз-аздан үйрөнүп, мигранттардан алгачкы жардамдар келе баштаган. Негизгиси, керек товарлар тартыш болгон заман артта калган.