БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Борбор калаада көчөлөрдүн оңдолуп жатышынан улам 29-30-августта жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, аталган күндөрү Лев Толстой, Крылов, Алыбаев, Осмонов "НЧГ" казан мешинде көгүлтүр от болбойт. Жалпысынан 503 абоненттин газы өчүрүлмөкчү.