Албек Ибраимов октябрдын аягына чейин камакта калды. Сот залынан сүрөт

© Sputnik / Расул УсеналиевБишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов бир нече кылмыш иши менен айыпталууда.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды.

Сот отурумуна ЖМК өкүлдөрү менен Ибраимовдун жактоочулары киргизилип, бирок сүрөт, видеого тартууга уруксат берилген жок.

© Sputnik / Расул УсеналиевБишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды
© Sputnik / Расул УсеналиевСот отурумуна ЖМК өкүлдөрү менен Ибраимовдун жактоочулары киргизилип, бирок сүрөт, видеого тартууга уруксат берилген жок
Сот отурумуна ЖМК өкүлдөрү менен Ибраимовдун жактоочулары киргизилип, бирок сүрөт, видеого тартууга уруксат берилген жок - Sputnik Кыргызстан
2/4
Сот отурумуна ЖМК өкүлдөрү менен Ибраимовдун жактоочулары киргизилип, бирок сүрөт, видеого тартууга уруксат берилген жок
© Sputnik / Расул УсеналиевАдвокат Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын ичинде үй камагына чыгарууга толук негиздер бар экенини белгиледи
Адвокат Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын ичинде үй камагына чыгарууга толук негиздер бар экенини белгиледи - Sputnik Кыргызстан
3/4
Адвокат Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын ичинде үй камагына чыгарууга толук негиздер бар экенини белгиледи
© Sputnik / Расул УсеналиевӨз сөзүндө Ибраимовдун үй-бүлөсү, алты баласы жана ата-энеси бар экенин айтып, ал мамлекеттен чыгып кетет деген божомолдорго негиз жок экенин айтты.
Өз сөзүндө Ибраимовдун үй-бүлөсү, алты баласы жана ата-энеси бар экенин айтып, ал мамлекеттен чыгып кетет деген божомолдорго негиз жок экенин айтты. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Өз сөзүндө Ибраимовдун үй-бүлөсү, алты баласы жана ата-энеси бар экенин айтып, ал мамлекеттен чыгып кетет деген божомолдорго негиз жок экенин айтты.
1/4
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов экс-мэр Албек Ибраимовду 28-октябрга чейин камакта калтырды
2/4
Сот отурумуна ЖМК өкүлдөрү менен Ибраимовдун жактоочулары киргизилип, бирок сүрөт, видеого тартууга уруксат берилген жок
3/4
Адвокат Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын ичинде үй камагына чыгарууга толук негиздер бар экенини белгиледи
4/4
Өз сөзүндө Ибраимовдун үй-бүлөсү, алты баласы жана ата-энеси бар экенин айтып, ал мамлекеттен чыгып кетет деген божомолдорго негиз жок экенин айтты.

Экс-мэрдин иши каралып жаткан учурда тергөөчү эгер Ибраимов камактан чыгарыла турган болсо өзүнүн тааныштары аркылуу тергөөнүн адилет жүрүшүнө таасир бере алышы мүмкүндүгүн жүйө келтирди. Ал жактоочу Сергей Слесаревдин "мунун баары биздин божомолуңузбу?" деген суроосуна "ооба" деп жооп берди.

Адвокат Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын ичинде үй камагына чыгарууга толук негиздер бар экенини белгиледи. Өз сөзүндө Ибраимовдун үй-бүлөсү, алты баласы жана ата-энеси бар экенин айтып, ал мамлекеттен чыгып кетет деген божомолдорго негиз жок экенин айтты.

Буга чейин Жогорку сот 15-августта Биринчи Май райондук сотунун Албек Ибраимовду 29-августка чейин камакта калтыруу өкүмүн күчүндө калтырган болчу.

Албек Ибраимовдун энеси уулун камактан чыгарууну суранды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Албек Ибраимовдун энеси уулун камактан чыгарууну суранды. Видео
Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев Албек Ибраимовго баш коргоо чарасы тандала турган кылмыш ишинин жоктугун жүйө келтирген болчу.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго Кылмыш жаза кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Алар: Кылмыш жаза кодексинин 171-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу);

Экинчиси —"Солнечный берег" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сом чыгым тарттырган;

Үчүнчү иш борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча козголгон. УКМКнын маалыматы боюнча мэр болуп турган Ибраимов жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн.

Төртүнчү иш "Коррупция" беренеси боюнча козголгон. Ибраимов Бишкектин түштүк тарабындагы жер тилкелерин муниципалдык менчиктен чыгарып сатуу боюнча схема түзгөн деп айыпталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0