00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Потоп в госпитале, спасение хищников и штраф за сирень: социальный обзор недели
14:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
6 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
22–40 жаштагы альтернативдик кызмат өткөн жарандар кайсы учурда акча төлөп, мобилизациялык талапты аткарат?
15:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
8 мин
Стоп-кадр
«Мафия» тасмасы: «Стоп кадр» программасында криминалдык дүйнө ачылат
17:09
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
История в лицах
Орден «За храбрость» через полвека: история затерянного представления и верного боевого братства
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкектеги массалык уулануунун себеби айтылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековАукцион гостиницы "Ак-Кеме" в Бишкеке
Аукцион гостиницы Ак-Кеме в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-августка караган түнү шаардагы мейманканалардын бириндеги ресторандан тамактанган 42 адам ооруканага кайрылган.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. ЮНИСЕФтин ыктыярчылары үчүн уюштурулган тренингдин катышуучулары кофе-брейктеги тамактан ууланышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын консультанты Елена Баялинова билдирди.

Эскерте кетсек, 24-августка караган түнү шаардагы мейманканалардын бириндеги ресторандан тамактанган 42 киши жабыркап, ооруканага кайрылган. Анын экөө жаткырылып, кийинчерээк үйлөрүнө чыгарылган. Жабырлануучулардын баары ЮНИСЕФтин ыктыярчылары үчүн уюштурулган тренингдин катышуучулары болгон.

"25-августка ууланган кишилердин абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча семинардын катышуучулары кофе-брейктен жана отелден тыш жеген тамактан ууланышы мүмкүн. Ушу тапта лабораториялык изилдөөлөр жүрүп, персонал текшерилүүдө", — деди Баялинова.

Ежегодный пикник фудтраков - Sputnik Кыргызстан
Ысыктын күнүндө тамак-ашка ууланбаш үчүн эмне кылуу керек. Министрликтен кеңеш
Мейманкананын өкүлү Жоомарт Шаршекеев тренингдин катышуучулары түшкү тамакты "башка жактан жеп келишкенин" айтып берди.

"Отелде төрт тайпага бөлүнгөн 150 киши жашады. Анын бири ыктыярчылар болчу. Бардыгы тең саат 7де кечки тамакка келишти, меню бирдей болчу. Саат 10до ыктыярчылар дагы тамак жасап берүүбүздү өтүндү, бирок ресторан жабылып калган. Биз баш тарткандан кийин алар салат, круассан заказ кылышкан экен, баары ошондон кийин башталды", — деди ал.

Шаршекеев калган үч тайпадагылардын саламаттыгы жакшы экенин, эгер ууланууга ресторандын тамагы себеп болсо, кардарлар эле эмес, официанттар менен коопсуздук кызматындагылар да жабыркамактыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0