БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкектеги Орозбеков жана Ленинградский көчөлөрүнүн кесилишинде эки жеңил унаа кагышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
"19-август күнү саат 19.00дө Honda Fit жана Mercedes-Benz унаалары сүзүшкөн. Эки айдоочу тең жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылышты", — деп айтышты милициядан.
Экинчи жол кырсыгы тууралуу редакцияга күбө билдирип, сөрөттөрдү жиберген. Анын айтымында, 20-августка караган түнү Volkswagen Passat жана Nissan X-TRAIL унаалары кагышкан. Жеңил унаа Орозбеков көчөсү менен келе жатып, Баялинов негизги көчө экенине карабай Nissan X-TRAIL автосуна жол бербей койгон. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.
Дал ушул жерде оңдоо иштери жүрүп, жол белгилери жок болгондуктан, буга чейин да бир нече жол кырсыгы катталган. Алар тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашкан.