БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ош облусунун аймагында бүгүн, 14-август күнү саат 07:01де күчү үч баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМден маалымдашты.
Силкинүү Алай районунун Сары-Таш айылында үч баллга, Ак-Босого, Кара-Киндик айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.