Баланы отургузууда медицина жаатында да, элдик каада боюнча да кандай эрежелер эске алынышы керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борборунун балдар хирургу Бакыт Жданов жана этнопедагог Абдыкерим Муратов айтып берди.
Жөн гана ырымдап койбойт. Сүннөткө отургузууда жөн гана "отургузду" аты кылып, ырымдап тим болбостон, ашыкча этти операция жолу менен кесип салуу керек. Мурда кээ бир эркек балдарды жөн гана кайчы же бычак тийгизип ырымдап эле, кеспей коюшчу. Бирок анын кесепети, зыяны кийин балага тиет.
Сүннөттү кеч калтырбайт. Эгер бала өз убагында (7 жаштан өтүп кеткенге чейин) сүннөткө отургузулса коркунучтуу дарттардан оолак болот. Бирок кандайдыр бир себептер менен отургузулбай калгандар болсо, жаш курагына карабай дарыгер-хирургга кайрылганы дурус.
Жаңы отургузулган баланы суукка алып чыкпайт. Хирургдар сүннөттөн кийин жакшылап карап, суукка урунтуп албай, кенен кийим кийгизүүнү сунушташат. Ата-эне дарыгер айтып берген ыкма менен туура тазалап, жакшы караса кесилген эти тез эле айыгып кетет.
Сыркоологон учурда отургузбайт. Бала ооруп же дарыланып жүргөн убакта эч качан сүннөткө отургузбаш керек. Педиатр баланы текшерип ден соолугу жакшы деп айтканда гана хирургдар ишин кылат.
Баланы отургузаарда аял киши кирбейт. Элдик каадага таянсак, сүннөт жасалып жатканда бөлмө ичинде эркектер гана болушу шарт. Бул илгертен келе жаткан ырым.
Сүннөткө отурбаган адам мал сойбойт. Мурда эл ичинде сүннөткө кандайдыр бир себептер менен отургузулбай калган адам мал союуга, башка жандыктарды адалдоого акысы жок деген ишеним жашаган.