БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Август айында кыргызстандыктар Курман айтта жана Эгемендүүлүк күнүндө эс алат.
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы Курман айттын так датасын аныктай элек. Алдын ала маалымат боюнча ал 21-августка туура келиши мүмкүн.
"Так күнү 15-августтан кийин айдын жаңырышына карата аныкталат", — дешкен муфтияттан.
Курман айт Орозо айттан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Быйыл Орозо айт 15-июнда болгон.
Ал эми Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-август жума күнгө туура келет.