00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
16:31
20 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Туяк
“Менин алтын микрафонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү
19:11
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Выгоды ЕАЭС и влияние объединения на страны региона
20:06
41 мин
Ачык кеп
Өлкөдө өспүрүмдөр арасында ашыкча салмактуулар көбөйүүдө — 80 пайызы туура эмес тамактангандар
23:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Аялдама" деген туурабы же "аярламабы"? Тил комиссиясы жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКоомдук транспор күтүп жаткан шаар тургундары. Архив
Коомдук транспор күтүп жаткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Редакциянын кабарчысы президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен байланышып, сөздөрдүн эмнеге алмашып калганын сураштырып көрдү.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Учурда интернет колдонуучулар "аялдама" сөзүнүн "аярламага" алмашып калганына таң калып, кызыл чеке түшүп жаткан учуру.

Эт тартуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Майлык" менен "суулуктун" айырмасы эмнеде? Турмуштук сөздөрдөн аксабаңыз
Социалдык тармакта борбордогу троллейбустардын биринде аялдаманы "аярлама" деп айтылган видео тараган.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин Telegram каналындагы "Бишкек сегодня" тайпасынын катышуучулары да бушайман болуп жаткан чак.

Мындан улам редакциянын кабарчысы президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен байланышып, сөздөрдүн эмнеге алмашып калганын сураштырып көрдү.

Аалы Молдоканов аталган коммисиянын котормо жана жарнама боюнча бөлүм башчысы. Дал ушул киши сөздөрдү алмаштырууга кеңеш берген.

"Аялдама" деген сөз бизге 30-40 жыл мурда келди. Аны сөздүккө Константин Юдахин киргизген. Кыргызда "аялдоо" деген да "аярлоо" деген да сөз бар. Аярлай тур, токтой тур дегенди билдирет. Кийинки убакта эл ичинде "аялдамага аял деген сөздү эмнеге кошосуңар, болгондо да уңгу болуп жатат" деген пикирлер пайда болду. Жарым жыл мурда мэриянын өкүлү келгенде, "аял" деген сөздөн качып "аярлама" деген сөздү колдонуу туура деп кеңеш бергем", — деди Молдоканов.

Ошондой эле Молдоканов жаңы сөз убакыттын өтүшү менен элге сиңе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0