Бир убакта бирге окуп, бир чоңойгон, согушка бирге кетип, кайра аман келип, эми болсо кызмат орундары, кадыр-баркы бар, сыртынан караганда интеллектуалдуу деп эсептелинген курбулардын жолугушуусунан улам алардын ар кимисинин ой-пикирине, карманган принциптерине ылайык ой жүгүртүүлөрү пьесанын негизи конфлигин түзөт.
Бүгүн жазуучунун адамдардын ички дүйнөлөрүн аңтарып чыккан "Фудзиямадагы кадыр түн" аттуу драмасы тууралуу 12 фактыны сунуштайбыз.
Пьесанын жазылыш тарыхы. Чыгарма Айтматов тарабынан адегенде кара сөздө – повесть катары ойлонулган. Идеясын жазуучу Казакстандын Мухтар Ауэзов атындагы театры үчүн "Саманчынын жолун" казакча которуп, пьеса кылып чыккан Калтай Мухамеджановго айтып берет. Ал болсо бул сюжет пьесага ылайык экендигине ынандырып, драманы бири казакча, бири кыргызча жаза баштайт да, ортодо ой бөлүшүп отуруп, негизги вариантын орусча жазып бүтүрүшөт.
Айша апа чыгармага кийин кошулган. Авторлор биринчи вариантта Айша апаны каарман катары пьесага кошкон эмес экен. Достордун бир кездеги мугалими, азыр эми Фудзиямада алардын кырды бычак диспуттарына баа берүүчү Айша апа кийин ойлонулуп табылып, кийин кошулган образ болуптур.
Пьесанын басылышы. Кыргыз жазуучусунун казак драмачысы менен шериктештикте жазылган бул чыгармасы орусча "Восхождение на Фудзияму" деген аталыш менен 1973-жылы чакан китепче түрүндө чыккан. Кыргызчасы 1977-жылы "Чыгармачылык сахна" деген жыйнакка "Фудзиямадагы кадыр түн" деген ат менен басылган.
Жазуучунун биринчи жана акыркы драмасы. Айтматовдун көптөгөн чыгармалары сахналаштырылса да, жазуучу аларды пьеса катары жазган эмес, кара сөз формасындагы чыгармалары көбүнчө башка бирөөлөр, мисалы, режисселор тарабынан инсценировкаланган. Ал эми "Фудзиямадагы кадыр түн" башынан эле сахна үчүн драмалык текте жазылган. Бул Айтматовдун драмалык тектеги жападан жалгыз чыгармасы катары анын чыгармачылык биографиясына кирип калды.
Чектелген жер, ченелген убакыт. Сөз болуп жаткан пьеса мейкиндик жана мезгилдик жактан чектелген гана убакытта (бир суткага жетпеген) жана чөйрөдө (Туу-Чоку, же каармандар аташкандай Фудзиямада) гана өтөт. Негизинен кыймыл-аракетке, массовкага ылайыкташкан эпизоддор жок, сюжеттин өнүгүшү каармандардын сүйлөшүүлөрүнөн гана турат.
Аталыштын сыры. Каармандар — бир кездеги классташтар Туу-Чокуга чыгат да, ал тоону шарттуу түрдө "Фудзияма" деп коюшат. Аны маанисин алардын бири Исабек мындай түшүндүрөт: "…ар бир такыба буддист өмүрүндө жок дегенде бир ирет касиеттүү Фудзиямага чыгып, кудай менен сырдашат экен, бу дүйнө тууралуу ой ойлоп, кылган күнөөлөрүн мойнуна алат имиш, бизче айтканда, кудай алдында ымандай сырын айтып, эсеп берет экен". Мына ушул Япониянын ыйык тоосу кыргыз жигиттери чокусуна чыккан жана сырларын айтышып, тазаланган Туу-Чоку аркылуу символдук бийиктикке айланат.
Фудзиямада калууга татыктуулар жана татыксыздар… Драма баштан аяк талашып-тартышуу, ар ким өз чындыгын ортого таштоо менен өтөт. Дал ушул талаштан ар кимисинин чыныгы жүзү ачылат, кимдин ким экендиги дайын болот. Акыры Фудзияманын чокусунда кимдер калууга арзыйт? Мамбет, Алмагүл, кайра кайтып келген Досберген. Калганынын баары бул жерде калууга татыксыз болуп чыгышты. Алар ооз көптүрүп тигиндей-мындай сүйлөп билимдүү көрүнүшкөнү менен нравалуулук жактан артта калышыптыр, демек, булар алдыга эмес, артка карай өсүп жатыптыр. Чокудан булардын мугалими Айша апа да кетип калат. Ал кетип жатып мындай деди: "Ошол жылдары өзүмчө: "Көп узабай элдин баары билимдүү болот. Мына ошондон тартып мөлтүр булактай таза турмуш башталат деп ойлочу элем… Көрсө, турмуш татаал экен, ойлогонуңдай чыкпайт турбайбы… Силер кенедейиңерден колумда өстүңөр… Майданга узатканда өз уулдарымды жоого аткаргандай, кудайга зарлап үнүм жеткен. Силер наристе бойдон кеткенсиңер. Ушундай ынтымактуу, ушунчалык ниети таза балдар элеңер. Эсимде, жаркыраган беш жылдыздай болуп, фронттон келдиңер. Анан эмне болду силерге? Эмне үчүн ушундай турмушка дуушар болдуңар? Мен силерге абдан ишенчү элем. Силерди көрүп, ойлочу элем: "Эмгегим кайттыбы" деп. Сыртыңардан кубанып, медер-жөлөгүм ушулар деп жүрчү элем… Мына эми минтип кабыргам кайышып, жаным катуу кейип олтурат. Баягы балдарым жок. Андагы жаркыраган балдарым кайда? Алардан айрылганым ырас болсо, анда өзүмдө да айып бар… Кай жерден… эмнеден жаңылыш кетирдик? Билбейм, башым маң…" Айша апа буларды бекер айткан жок, бул бир кезде окутуп-тарбиялап чыгарган балдарынын, ниети таза балдарынын трагедиясы. Эмне үчүн Айша апа "Баягы балдарым жок. Андагы жаркыраган балдарым кайда" деп кан какшап отурат? Эмнеге ал киши бир кездеги балдарынын арасында тургусу келбей кетип калды? Көрсө, баары башкача болуптур. Балдары баягы балдар эмес экен, ошолорду көрө албай койду. Алар интеллигенттик чөйрөгө кетип, "азыр жаңы бир эмгегимди басмадан чыгарайын деп даярдап жатам. Кызмат керек, бирок окумуштуу болгон соң ара-чолодо эмгек чыгып турганы дурус да" деп айткандай "маанилүү иштерге аралашып калган" илимдин доктору Иосиф Татаевич, "маңызы жок, арам тер жыттанган китептерин нары-бери тезек чампалагансып" жаза салган Исабек бир кездеги согушка баруу үчүн Айша ападан уруксат сурап келишкен таза наристелер эмес экен, алар бийлик, даңк сүйүүчүлүктүн, өз кызыкчылыгын өөдө коюучулуктун жолуна түшүп кетишиптир, акыр аягы ошого барышыптыр, булардын трагедиясы ошондо турат. Ошон үчүн Айша апа тигилердин даамынан кошо ооз татуудан баш тартты, өзүнөн да айып таап, жаңылыш кетирген жайын издештире, акыры ал кетип калууга мажбур болду. Көрүүчүлөргө жана окурмандарга дал ушул ойду жеткирүүдө авторлор тандап алган конфликт өтө курч мүнөздө өтөт, конфликтти жандандырууда окуяга түздөн-түз катышып жаткан Мамбет жана окуяга катышпаган, сахнада көрүнбөгөн Сабыр катализатордук кызмат кылышат.
"Эзелтен чечилбеген улуу талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ураалап жоо кууса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Ажалга көз жумса да ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?:
Душмандан жан соогалап качканда да,
Душманды кырып-жоюп басканда да,
Түбөлүк чечилбеген ушул талаш,
Канткенде адам уулу адам болот?
Адамзат качан чечет, качан коёт,
Орусчасы менен кыргызчасында окшобой калган жерлер кездешет. Мисалы, орусча текстте Сабыр чыгармаларындагы "идеялык каталар" үчүн согуш учурунда эле камакка алынып кетсе, кыргызчасында согуштан келген соң жогорку окуу жайына кирип окуп жүргөндө саясий көз карашы үчүн кесилет.
"Фудзиямадагы кадыр түн" – кино өнөрүндө. Фильмдин сценарийин Чыңгыз Айтматов жана Болот Шамшиев жазган. Режиссёру – Болот Шамшиев. Башкы ролдорду ойногондор: Сабира Күмүшалиева, Айтурган Темирова, Гүлсара Ажибекова, Лидия Каденова, Муканбет Токтобаев, Орозбек Кутманалиев, Раимбек Сейтметов, Кудайберген Султанбаев, Алиман Жангорозова, Акылбек Мураталиев. Фильмди тартуу жумуштары Бишкек шаарына жакын жердеги Беш-Күңгөй айылынын тоосунда 1988-жылы ишке ашкан.