00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Нургазы үчүн таяк жеген Орозкул. Орозбек Кутманалиев тууралуу 6 факты

© Фото / Александр ФедоровАктер, режиссер, төкмө акын, обончу, дастанчы Орозбек Кутманалиев "Ак кеме" тасмасында. Архив
Актер, режиссер, төкмө акын, обончу, дастанчы Орозбек Кутманалиев Ак кеме тасмасында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн актер, режиссер, төкмө акын, обончу, дастанчы Орозбек Кутманалиевдин туулган күнү. Көп кырдуу талант ээсинин көзү тирүү болгондо быйыл 86 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар инсандын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Ыр-күүгө жакын өспүрүм

Орозбек Кутманалиев 1932-жылы 10-майда Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жарык дүйнөгө келген. Ыр-күүгө жакын өспүрүм мектепте окуп жүргөндө эле элдик чыгармачылыкка жакын болгон. Кийин бойго жеткенде эмгек жолун борбор калаадагы Куурчак театрында баштаган.

© Александр ФедоровАктер Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев менен Сабира Күмүшалиева. "Ак кеме" тасмасы тартылып жаткан учур
Неопубликованные закулисные фото — 40 лет фильму Белый пароход - Sputnik Кыргызстан
Актер Асанкул Куттубаев, Орозбек Кутманалиев менен Сабира Күмүшалиева. "Ак кеме" тасмасы тартылып жаткан учур

Күжүрмөн инсан

Артист 1965-жылдан тарта Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда солист, 1969-жылдан Кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинде режиссёр, диктор болуп эмгектенген. Үй-бүлөсүн багуу үчүн күндүз радиодо иштесе, түнкүсүн кинодо дубляж жасаган. Анан Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында артист, 1970-жылдары "Кыргызфильмде" дубляж боюнча режиссерлукту аркалаган.

"Таяк жеген" артист

Кыргыз Республикасынын эл артисти "Ак кеме", "Эрте келген турналар", "Ак-Мөөр", "Бөрү зындан", "Махабат дастаны" өңдүү 20га жакын фильмде образ жараткан. Чебер актер тартылган тасмаларынын ичинде "Ак кемедеги" Орозкулдун ролун өтөсүнө чыгара ойногон. Ал кино калың элге сунушталганда Орозбек Кутманалиевге сценарий боюнча каза болуп калган кичинекей Нургазы үчүн кол көтөргөн көрүүчүлөр да болгон.

© Sputnik / Александр ФедоровСССР Эл артисти Төлөмүш Океев, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Орозбек Кутманалиев жана Каба манасчы
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан
СССР Эл артисти Төлөмүш Океев, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Орозбек Кутманалиев жана Каба манасчы

34 жаштагы студент

Актер Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин 39 жашында аяктаган. Ал Ашыраалы Айталиев, Осмонкул Бөлөбалаев, Ысмайыл Борончиевден сабак алып, төкмөлүктү аркалап, дастан жана терме ырларын аткара билген. Ошондой эле бир нече ырга обон жазган.

Он бир баланын атасы

Актер радиодо иштеп жүргөндө колуктусунан айрылып, беш бала менен жалгыз калган. Кийин кесиптешине үйлөнүп, алты балалуу болушкан. Жубайлар 35 жыл чогуу жашап алты кыз, беш уулду тарбиялап, 40ка жакын небере көрүшкөн. Азыр Фатима Кутманалиева уул-кыздарынын жанында дөөлөттүү көз ирмемдерди өткөрүп келет.

© Александр Федоров"Ак кеме" тасмасынын режиссеру Болот Шамшиев менен актер Орозбек Кутманалиев
Народному артисту КР, режиссеру Болоту Шамшиеву — 75.  Неизвестные фото за кадром - Sputnik Кыргызстан
"Ак кеме" тасмасынын режиссеру Болот Шамшиев менен актер Орозбек Кутманалиев

Чарчабаган аксакал

Таланттуу инсан пенсияга чыгып жөн отурбай дыйканчылык менен алектенип, Чүй облустук театрда артист, аксакалдар сотунда төрага болуп иштеген жайы бар. Залкар артист 13 жылы мурун оорудан улам 73 жашында көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0