Шамдагайлык жана кара күчтү сынаган самбонун эрежеси

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула
Международный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Самбонун салтында Россия элдеринин маданиятынын түпкү тамыры жана элдик күрөштүн түрлөрү бириккен. Самбого ар улуттун күрөштөрүнүн эң мыкты тажрыйбалары да кирет: Анда кол менен мушташ, орус, грузин, татар, армян, казак, өзбек күрөшү, фин-француз, эркин-америкалык, англис, швейцар күрөшү, япон дзюдосу, сумо жана башка күрөштүн түрлөрү камтылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет самбо менен тааныштырабыз.

I. Сүрөттөлүшү:

Самбо – бул россиялык (советтик) спорттук жеке күрөштүн, ошондой эле өзүн-өзү коргоочу комплекстик системанын бири. Спорттук самбо жана күжүрмөн самбо болуп экиге бөлүнөт.

Вторые Всемирные игры кочевников. Национальные виды борьбы - Sputnik Кыргызстан
Радио
Эр болсоң, эми келип көр! Чемпиондор кармашып, көчмөндөрдүн улуу балбаны аныкталат
Спорттук самбо — негизинен натыйжалуу коргонууга ыктаган күрөштүн бир түрү. Бекеринен самбонун толук аталышы — куралы жок өзүн-өзү коргоо деп аталган эмес. Самбодо мөөнөтүнөн эрте катуу сокку жасаган ыкма же көтөрүп чабуунун натыйжасында жеңишке ээ болот.

Күжүрмөн самбо — бул жүзгө жакын күрөштүн түрлөрүнөн турган бүтүндөй бир ыкмалар. Ыргытып чабуу, кармоо ыкмаларынан тышкары сокку уруунун ар кандай түрлөрү колдонулат. Күжүрмөн самбодо накаут же нокдаун менен бүтүшү таң калычтуу эмес. Башкы максат – атаандашын ар кандай жол менен утуу.

II. Кармаштын башталышы жана аягы:

Самбодо ыргытып чабуу, кармап туруу, спортчунун абалына ылайык оорутуучу ыкмалар жана чабуул койгон жана коргонуу ыкмаларын жасоого уруксат берилет.

Килемге биринчи чакырылган спортчу килемдин кызыл бурчуна, атаандашы көк бурчка турат. Спортчуларды тааныштыргандан кийин калыстын жести менен килемдин ортосуна келип, кол алышат. Андан кийин эки кадам артка басып, арбитрдын ышкырыгы чыкканда кармашты башташат. Бүткөндө калыстын ышкырыгын эмес, үн сигналды (гонгу) тыңдоо керек. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСамбо боюнча мелдеш
Международный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула  - Sputnik Кыргызстан
Самбо боюнча мелдеш

III. Кармаштын жүрүшү жана узактыгы:

Кармаштын узактыгы төмөндөгүдөй болуп бекитилет:

— чоңдор үчүн (эркектер) – 5 мүнөт;

— чоңдор үчүн (аялдар) – 4 мүнөт;

— жубатуучу жеке чыгуулардын узактыгы 3 мүнөт.

Кармаштын жүрүшүндө арбитрдин уруксаты жок, спортчулар килемден тышкары чыкканга болбойт.

Чемпионат по сумо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Балбандар ырым-жырым жасап, катуу сүр менен кармашкан сумонун эрежеси
Калыстын чечими менен спортчу капталдагы калыстын коштоосунда формасын алмаштыруу үчүн килемден чыга алат.

Бир кармаштын ичинде медициналык жардам алуу үчүн, спортчуга болгону 2 мүнөт каралган.

Кармаш учурунда медициналык жардам дененин ачык жерлеринде жарат алган учурда гана (жарылып, тытылып кеткенде) берилет. Бул килемдин четинде жасалышы керек. Ошол эле учурда кийимдин формасын бузууга тыюу салынат.

Балбан таза жеңиш, упайлык эсеп менен ашып өтүп жеңүүчү болот.

IV. Мелдештен четтетүү

Спортчу башкы калыстын чечими менен анын атаандашына таза жеңиш ыйгаруу менен кармаштан төмөнкү учурда чыгарылат:

— тыюу салынган ыкманы кайталап колдонгондо;

— килемге чакырылганда 2 мүнөттүн ичинде чыкпаса;

— 2 мүнөттүн ичинде медициналык жардам алууга жетишпей калса;

— атаандашына, калыстарга жана көрүүчүлөргө орой, адепсиз мамиле кылып, атаандашына колун бербей же туура эмес кол бергенде;

— тыюу салынган ыкманы колдонуп, атаандашы жарат алып жана ал кармашты уланта албай калса;

— калыстарды алдаганда.

Конноспортивные состязания на ипподроме в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Курдан кармап, торой чаап... Кыргыз күрөшүнүн балбандары жеңишке кантип жетет
Мелдештен чыгарылган спортчу 0, атаандашы 4 упай алат. Мындай учурда беттеш мөөнөтүнөн эрте бүткөн болуп эсептелет. Эки спортчу тең бирдей дисквалификация кылынса, анда жыйынтыгы 0:0 деп жазылат. Спортчу башкы калыстын чечими менен мелдештен четтетилет. Ошол эле учурда беттештен чыгарылган спортчулар жеке, командалык орун жана медаль ала албайт. 
© Sputnik / Табылды КадырбековСамбо боюнча мелдеш
Международный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула  - Sputnik Кыргызстан
Самбо боюнча мелдеш

V. Ыкмаларды баалоо

Ыкмаларды колдонуп таза жеңишке ээ болбосо упай менен бааланат. Ыргытууну баалоо төмөнкүлөргө байланыштуу:

— ыргытуу кулоосуз же кулоо менен өткөрүлсө;

— чабуул жасаганда атаандашы денесинин бир бөлүгү менен түшсө.

Төрт упай берилет:

— ыргытып чапканда жыгылып, артына же "мост" болгон абалга куласа;

— ыргытып чапканда жыгылып, капталга же "жарым мост" болгон абалга куласа;

— 20 секунд кармап турса.

Эки упай төмөнкүдөй учурда берилет:

— ыргытып чапканда жыгылып, атаандашы капталга же "жарым мост" болгон абалга куласа;

— ыргытып чапканда жыгылып, атаандашы төшү, курсагы, жамбашы, бели же ийнине куласа.

Бир упай төмөнкүдөй учурда берилет:

— ыргытып чапканда жыгылып, атаандашы төшү, курсагы, жамбашы, бели же ийни менен куласа;

— атаандашына берилген биринчи эскертүү үчүн.

VI. Тыюу салынган ыкмалар

Спорттук самбо боюнча мелдеште төмөнкүлөргө тыюу салынат:

— атаандашын башына ыргытууга, оорутуучу ыкманы колдонууга ("түйүн", "рычаг"), атаандашын ыргытканда анын үстүнө бүт салмагы менен кулоого;

— муунтуучу кармоолорду жасоого, атаандашын оозуна, мурдуна түртүүгө;

— сокку жасаганга, тытканга, тиштегенге;

— омурткага ар кандай ыкмаларды жасаганга, моюнду бураганга, колу-буту менен атаандашынын башын кысууга жана килемге басууга, кайчылашкан буттарын атаандашынын дене боюна чиренип түздөөгө;

— атаандашынын бетин колу, буту же башы менен таянууга;

— атаандашынын ар кайсы денесинин бөлүгүн чыканак же тизе менен басууга;

— атаандашынын колдорунун же буттарынын манжаларынан кармоого;

— колун артына кайрууга, билекке оорутуучу ыкмаларды жасоого;

— атаандашын согончогунан буроого жана таманга "түйүн" жасоого;

— "тизенин" рычагын жасоого, бутту түз болгон жеринен бүктүрүүгө;

— түз турган абалда оорутуучу ыкманы жасаганга;

— ыргып оорутуучу ыкмаларды жасаганга;

— кыска шымдан, күрмөнүн курунан, курдун учунан кармоого, жеңдин ичинен кармоого;

— билип туруп спорттук форманы бузууга.

Эгерде калыстар тыюу салынган ыкмаларды байкабай калса, аны жабырлануучу үн же жест менен билдирүүсүнө уруксат берилет.

Жалган белги берсе калыстарды алдады деп каралат жана жазаланат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСамбо боюнча мелдеш
Международный турнир по самбо во Дворце спорта имени Каба уулу Кожомкула  - Sputnik Кыргызстан
Самбо боюнча мелдеш

VII. Спортчунун формасы

Спортчунун формасы: күрмө, батинке, кыска шым. Кыздар үчүн ак түстөгү майка.

Алыш күрөшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алышып алың жетеби? Алыш күрөшүнүн эрежеси
Күрмө атайын капталган кызыл жана көк түстөн, бел кур пахта кездемеден жасалат. Күрмөнүн жеңи манжаларга чейин жетип турушу керек.

Батинке кызыл, көк же ар түрдүү түстөн кошулуп, жумшак териден же синтетикалык материалдан тигилип, жумшак тамандуу, катуу чыгып турган бөлүктөрү жок бут кийим.

Бардык ФИАСтын расмий мелдештеринде сертификацияланган формаларды кийүүгө гана уруксат берилет.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, анын жол-жобосу 104 өлкөгө жиберилген. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0