00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан менен Беларусия асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү боюнча кызматташат
11:08
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Министрликтер кызматкерлердин 10 %ын сынаксыз кабыл ала алышат. Мамлекеттик кызматка алуунун тартиби
13:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что связывало кыргызов с древними тюрками - беседа с историком
14:05
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Ишкер аялдар экономиканын түркүгүбү? — “Бизнес-айым кербени 2025” форуму старт алды
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Екатеринбург ждёт: почему кыргызстанцы выбирают УрФУ
16:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Таланты бааланбай, унутта калып бараткан таланттуу актёр Бекин Сейдакматов
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
За игнор — штраф: чиновников обяжут отвечать на жалобы
20:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ишкер аялдар экономиканын түркүгүбү? — “Бизнес-айым кербени 2025” форуму старт алды
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Кайдасың, Миша? Ата-энең куурады го...

© Sputnik / Табылды КадырбековСпасательная операция по поиску шестилетнего Миши в БЧК
Спасательная операция по поиску шестилетнего Миши в БЧК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, достор!

Ошентип тирүүлүктүн дагы бир күнү башталып, баарыбыз күнүмдүк иштерге шымалана кириштик. Ал ортодо кечээ өлкөдө жана дүйнө жүзүндө кандай окуялар болгонуна көз чаптырып алалы.

Сыйлуу коноктор. Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарына аз калды. Мындай олуттуу иш-чарага чет элдик аттуу-баштуу коноктор чакырылып жатат. Алардын арасында Голливуд жылдыздары Анжелина Жоли, Леонардо Ди Каприо, Жеки Чан жана индиялык актриса Диа Мирза дагы бар. 

Жаңы жол. Көчмөндөр оюндары демекчи, "Кырчын" жайлоосуна бара жаткан жолдо 2016-жылы кандай тыгын болгону эсиңиздеби? Быйыл андай кырдаал жаралбашы үчүн "Кырчынга" алып барчу альтернативдүү жол курулуп жатат. Эми коноктор аталган жайлоого Семеновка капчыгайы менен кирип, Григорьев капчыгайы тараптан чыгып кетишет.

Криштиану Роналду. Атактуу футболчу жаңы барган "Ювентус" (Италия) клубунун оюнчусу катары расмий түрдө тааныштырылды. Команданын алдына биринчи ирет чыккан футболчу өзүнүн алдыга койгон пландарын бөлүштү.

Алты жашар Мишаны издөө. Бул учурда Кыргызстанда жаш балдарга тиешелүү бир катар жагымсыз окуялар болуп кетти.  Кечээ кечке ӨКМ куткаруучулары (булар баланы мурда дагы издеп жатышкан — ред.) менен ыктыярчылар Чоң Чүй каналына түшүп кетти делген алты жашар баланы издешти. Тилекке каршы, жыйынтык болгон жок.

© Sputnik / Табылды КадырбековОперация по поиску шестилетнего Миши в БЧК в Бишкеке
Операция по поиску шестилетнего Миши в БЧК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Операция по поиску шестилетнего Миши в БЧК в Бишкеке

Ыктыярчы. Бир нече күндөн бери баласын таппай карайлап жаткан ата-энеге жардам берүүнү каалаган ыктыярчылардын арасында  Рысбек Орозалиев болду. Жаштарга үлгү болчу жакшы иш жасаган жигит Sputnik агенттигинин редакциясына баш багып, эмне себептен баланы издейм деп чечкенин айтып берди.

Фоторобот. Эсиңерде болсо 10-июль күнү Сокулук айылында чаламандын чак түшүндө 10 жашар кызды белгисиз эркек кордоп койгон. Кечээ Чүй  милициясы шектелүүчүнүн фотороботун түзүп чыкты. Көргөн-билгендер болсо укук коргоо органдарына кабарлап коюңуздар.

Суу өчөт. Баса, бүгүн Бишкектин айрым аймактарда таза суу берүү убактылуу токтотулат.  "Бишкексууканал" ишканасы суунун өчүшүн түтүктөрдөгү курулуш-монтаж иштерине байланыштуу деп түшүндүрдү.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.10 (сатып алуу) жана 68.18(сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Өлкөбүздө тынчтык болуп, балдарыбыздын жүзүнөн күлкү кептесин!

Аманчылык тилеп, Бегимай Бакашева.

Жаңылыктар түрмөгү
0