00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Максимальный репост
Почему люди идут к гадалкам: психолог о тревоге, плацебо и иллюзии контроля
12:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте ШКУнун трансулуттук кылмышка каршы күрөшүү борбору ачылат. Уюм эмнеге коопсуздук маселелерин күчөтүүдө?
13:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
10 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
15:12
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Дмитрий Балбекин - о юбилее, ролях и том, как меняется актер с возрастом
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Идеалдуу аялдын жалпы кабыл алынган образы кандай? Аялдар бул стереотиптерден тажадыбы?
17:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
ЕС требует от Кыргызстана усилить контроль за экспортом - что происходит
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
«Кызым» тасмасы: балдардын коопсуздугу тууралуу коомду ойготкон жаңы фильм
19:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
Что будет с рынками ЕАЭС на фоне кризиса на Ближнем Востоке
20:06
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБ мамлекеттериндеги керектөөчүлөрдүн укугун коргоочу коомдук институттардын тажрыйбасы бизге үлгү
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чоң Чүй каналынан изделген бөбөк. Жеринен тартылган видео

Жазылуу
Бүгүн, 17-июлда Чоң Чүй каналы менен Ленский көчөсүнүн кесилишине бир топ адам чогулду. Ыктыярчылар менен куткаруучулар 13-июлда жоголуп кеткен Мишаны издешүүдө.

Операция по поиску шестилетнего Миши в БЧК в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Чоң Чүй каналынан алты жашар бала изделүүдө. Учурда эмне болуп жатат
Бишкекте ыктыярчылар ӨКМдин куткаруучулары менен биргеликте алты жаштагы Мишаны издешти. Анын жакындарынын айтымында, 13-июлда жеткинчек Чоң Чүй каналына бутун жууп жатканда түшүп кеткен. Суучулдар суунун агымы менен Москва районуна чейин барган. Бирок андан жыйынтык чыкпагандыктан, ыктыярчылар куткаруучуларга жардам берүүнү чечишкен.

20га жакын ыктыярчы Чоң Чүй каналы менен Ленский көчөсүнүн кесилишине келишкен. Алардын экөө аркан менен сууга кирген.

Кийинчерээк ӨКМдин кызматкерлери келип куткаруучулар баланы бул жерден мурда эле издешкенин айтып, өтө кооптуу жер экенин түшүндүрүштү.

"Жардам бергиңиздер келип жатканын түшүнүп турабыз, бирок бул жердин агымы катуу болгондуктан агызып кетиши мүмкүн. Кечирип коюңуздар, бирок мен сууга түшүүгө тыюу салам. Бул жерде адистер, атайын жабдыктар менен иштешкен. Алар суу алдында 30-40 мүнөт жүрүп баланы таба алышкан жок. Учурда эки топко бөлүнүп, суунун жээгин карап чыгуудан башка арга жок", — деди ӨКМдин кызматкери.

Дежурная часть в отделении милиции. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жоголгон 14 жаштагы баланы милиция издеп жатат
Ыктыярчылар макул болуп, бирок баланы көпүрө астынан дагы бир ирет издеп көрүүнү өтүнүштү. Ошентсе да суучулдардын аракетинен жыйынтык чыкпады.

Бишкек ШИИББдин берген маалыматына караганда, аймакты Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да текшерип жатат.

Миша футболка, джинсы чолок шым, башына кепка кийип жүргөн. Жеткинчек тууралуу маалыматы барлар (0555) 42-45-52, (0553) 42-45-52 номурларына кабарласа болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0