БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мындан бир жума мурда жол кырсыгына кабылып Кара-Балта суусуна агып кеткен кишинин сөөгү табылбай жатат. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, 10-июлда Бишкек — Ош унаа жолунун 105-чакырымында Honda Fit унаасы жолдон чыгып кетип, Кара-Балта суусуна кулап түшкөн. Кырсык болгон жерден 26 жаштагы жаран сууга агып кеткени айтылган.
16-июль күнү аны издөөгө ӨКМдин 5 куткаруучусу тартылып, натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да улантылат.