БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Чүй облусу менен Бишкек шаарында сууга чөгүп кеткен эки адамдын сөөгү табылганын ӨКМден маалымдашты.
Билдирмеге караганда, борбор калаада 15-июль күнү саат 18.25тер чамасында куткаруучулар Бакаев менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдан азият улутундагы 40-45 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгүн алып чыгышкан.
Ошол эле күнү саат 13.20да Кой-Таш айылындагы "Аламүдүн" суусуна 40 жаштагы Н.М. аттуу киши чөгүп кеткен. Куткаруучулар келгенге чейин жергиликтүү тургундар маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.