"Газпром" белекке бензин берет деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАвтозаправочные станции "Газпромнефть" в Омске
Автозаправочные станции Газпромнефть в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында "Газпром" ишканасынын 200 литрлик күйүүчү майдын купондорун ойнотуп жаткандыгы жөнүндө билдирүүлөр тарап жатат.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Интернет айдыңында "Газпром" ишканасынын 25 жылдыгына карата АИ-95 үлгүсүндөгү 200 литр күйүүчү майдын купондору ойнотулуп жаткандыгы жалган маалымат. Бул тууралуу "Газпром нефть Азия" компаниясынан кабарлашты. 

Учурда кыргызстандык интернет колдонуучулар арасында тараган шилтеме аркылуу киргенде атайын сурамжылоодон өтүү керек. Андан соң "Газпром нефть Азиянын" жеңүүчү аталдыңыз" деген маалымат чыгат. Ал утушту алуу үчүн шилтемени 30 адамга жиберүүнү сунуштайт. Бирок соңунда такыр эле башка жарнаманы көрүүгө болот. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовРассылка сообщений об "акции" в WhatsApp
Рассылка сообщений об акции в WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Рассылка сообщений об "акции" в WhatsApp

"Газпромнефть" май куючу жайлары мындай акция өткөргөн жок. Шилтемелер аркылуу тараган маалыматтар бейрасмий эмес жана чындыкка коошпойт. Жарандар алдамчылык аракеттерден алыс болуусу үчүн аны башкаларга таратпай, www.gpnbonus.kg сайтына кирчү жеке логин менен сыр сөз сыяктуу жеке маалыматтарды бирөөгө жибербөөсү керек", — дешти компаниядан. 

Буга чейин мындай маалыматтар Россиянын аймагында тарап, ал жөнүндө бир катар ЖМКлар жазып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0