Ангиографиялык аппаратка муктаждык күч. Оор деп саналган кан тамыр ооруларына операция жасоо үчүн ушул жабдуу керектелет. Бул тууралуу Жунус Акишев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дарыгерлер аппараттын жоктугунан бейтаптын абалы оор экендигине карабай, жеке менчик медициналык борборлорго барып, узак кезек күтүү менен диагноз койдуруп келүүгө мажбур болушат.
"Улуттук госпиталдын кан тамыр бөлүмүндө бир дагы ангиографиялык жабдык жок. Анын кесепетинен жеке менчик дартты аныктоо борборлоруна бейтаптарды жиберебиз. Алардын абалы оор болгондуктан тез жардам унаасында алып баруу да кооптуу. Негизи бул аппараттын эски үлгүсүндөгүсү кошуна мамлекеттерден биринчи бизге келген эле. Ал учурда иштөө мөөнөтү бүтүп, жарактан чыкты. Ал эми Казакстанды мисалга ала турган болсок, алардын ар бир райондук ооруканасында ангиографиялык жабдуу бар экен", — деди Жунус Акишев.
Ал бул багытта кадрлар күчтүү болгону менен техникалык жетишсиздиктерден улам көйгөйлөр жаралып келерин кошумчалады.