БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Турусбеков көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 25-июнда чөгүп кеткен 38 жаштагы жаран табыла элек. Куткаруучулар издөө иштерин бүгүн дагы улантат. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынан 5 жашар кыз 27-июнда "Достук" каналанын жээгинде ойноп жатып чөгүп кеткен.
Маалыматка ылайык, куткаруучулардын издөө иштеринен майнап чыга элек.