00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:30
0 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Больше штрафов — меньше аварий? Обсуждаем новые меры безопасности
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Аз жерден кытай болуп кала жаздадым

© Sputnik / Табылды КадырбековЖайлоодо ойноп жүргөн балдар. Архив
Жайлоодо ойноп жүргөн балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, окурман! Күнүңүздөр куунак өтсүн!

Негизи эле кыргыз эли этке өзгөчө маани беребиз. Конокко барганда башка нерсени бербей койсо мейли, эт тартпай көрсүнчү, аз жерден туугандык мамиле үзүлүп кала жаздайт. Устукан тартып жатканда дагы кылдат болуу керек, кокусунан эле чоң жиликти кичүүлөргө тартып ийсең, андан жогору жакта отургандар менен жүз карашпай калышың ыктымал. Эт жана устукан тартуу боюнча айта берсек бурадарга батпайт, бир илимий материал чыгышы мүмкүн. Мен сиздерге кантип эт бышырганымды айтып берейин дедим. Мурда анча маани бербептирмин. Мурдагы күнү куда тосуп койдун этин бышырып анын башын куйкалап, тазалгандан кийин көк пакетке (тойлордо берилчү) ороп казанга салып койгом. Ал пакеттин кызматы баштын жагымсыз нерселерин, жыттарын шорпого чыгарбоо эле. Муну сүрөткө тартып, Facebook баракчама жүктөп койгом, ошол бойдон телефонду караганга колум бошободу. Жумуш бүткөндө Facebook баракчамды ачсам жанагы сүрөттүн астына комментарийлер жайнап кетиптир. Жазгандардын арасында кыргызга төбөсү көрүнгөн адамдар да бар. "Кокуй баштыктын боёгу чыкты, химикаттын баарын чыгардың, бул деген уу да, кайран этти кордодуң" деп жазышыптыр. Баарынан да "Ойлорунда укмуш кыйратып жатабыз дешсе керек. Кыргыз качан ушинтип эт бышырчу эле. Кытайлар балакеттин баарын кылышат. Бул түрү менен кытай болушат жакында" дегенде жакамды кармап отуруп калдым. Ушундай, бурадар… Аз жерден кытай болуп кала жаздадым.

Эми кечээги жаңылыктарды тизмектейли.

Кыргыздын улуттук тамагы кымызга да бир нерсе кошуп алып элден тепки жебейин десеңиз, кымызга байланыштуу 6 болбойтту билип алыңыз.

Катын албай, кайын ал! Качандыр бир кезде жана ушул тапта эл башкарган саясатчылар бапестеп баккан кыздарын кимге ишенип бергенине кызыксаңыз бул жакка баш багыңыз. Кимдин күйөө баласы кайсы жакта иштейт?

Саясат демекчи, эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаев кесиптештерин акча чогулталы деп үндөп, өзү Кытайга болгон карыздан кутулуу үчүн бир миллион сом берүүгө даяр экенин жар салбады беле. Мындан улам кесиптешим Бегимай Бакашева парламент депутаттары буга кандай көз карашта экенин билип көрдү.

Баса, кечээ президент Жогорку Кеңешке барып кайрылуу жасап "Жооп берчү күн келээрине эч кимдин күмөнү болбосун!" деп мамлекеттин укуругу узун экенин эскертти. Ага улай эле кайсы коррупционерди кармаба анын артынан депутаттын же кайсы бир саясий топтун "ушул адамды бошотуп койсоңуз" деген суранычтары түшүп жатканына токтолду.

Саясат саясаты менен, сыртта эмне болуп жатканын көз жаздымдан өткөрүүгө болбойт. Борбор калаада шаар көркүн бузуп, кейпи кетип кайдагы бир кароосуз калган калааны чагылдырган 15 имараттын сүрөтүн көрүп коюуңуз.

© Sputnik / Табылды КадырбековСооружения в Бишкеке портящие облик столицы
Сооружения в Бишкеке портящие облик столицы - Sputnik Кыргызстан
Сооружения в Бишкеке портящие облик столицы

Футболго келсек, башынан эле аябай интрига менен оюн көрсөтүп келген Германиянын футболчулары үйүнө кайтмай болду.

Бейшембиге карата аба ырайы. Күн жылуу.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.08 (сатып алуу) жана 68.32 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгү май 44.30 сом, АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 47.00 сом, ал эми дизель майы 45.00 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Эт да, шорпо да жакшы эле бышты, сарсанаа болбоңуздар!

Амандыгыңызды тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0