БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри болуп Мураталы Тагаев шайланганын Боршайкомдун аймактык өкүлү Дамир Жүндүбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Мэрликке эки талапкер — Мураталы Тагаев менен Шаирбек Ташиев көрсөтүлгөн.
"Шаардык кеңештеги 30 депутаттын 18и Тагаевди колдосо, 11 депутат Ташиевдин талапкерлигин жактады. Бир депутат бардыгына каршы добуш берди", — деди ал.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Салайдин Авазов Бишкек ТЭЦиндеги авария боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган болчу.