Элдик каада деп эсептелген жарамазан айтуунун өзүнүн шарт-талабы бар. Аларды Sputnik Кыргызстан агенттигине этнограф Октябрь Капалбаев түшүндүрүп берди.
Жарамазан күндүз айтылбайт. Көчмөн кыргыз эли малын короого киргизип, ооз ачкандан кийин гана оюн-зоокту баштаган. Мындан улам, жарамазан айтуу да кеч кирип, эл ооз ачкандан кийин жанданган.
Кичине балдар айтпайт. Жарамазанды балакаттан өткөн, башкача айтканда, 12 жаштан өйдө, бойго жеткендер — бозойлор айткан. Алар жарамазанды да жөн эле айтпастан, маани-маңызына жараша аспаптын коштоосунда ырдашкан.
Кыздар айтканга болбойт. Жарамазанды кыздар эч качан айткан эмес. Элибизде кыз киши бир үйгө ырдап бармак түгүл, караңгыда сыртка чыккан орунсуз деп эсептелген.
Чала-чарпыт айтылбайт. Жарамазан — бир-эки саат ырдала турган ыр. Аны да уйкаштыра, куюлуштура сүйлөгөн, акындык өнөрү бар жигиттер айткан. Төрт-беш сап менен будамайлап коюу жарамазан деп эсептелбейт.
Жарамазан айткандарды куру кол кетирбейт. Кыргыз босогодогу кишини эч качан кубалап, "кет" деген эмес. Ал тургай душманы келсе да тосуп алган. Жарамазан айткандарды үйдөн тамак берип же баштыгына бир нерсе салып узатышкан.
Жалгыз киши айтпайт. Жарамазан жамааттын ыры болгондуктан жок дегенде аны 5-6 адам айтат.