Дары ичпейт, чылым чекпейт! Орозодо ооз бекиткендерге 10 "болбойт"

© Sputnik / Табылды КадырбековАйт-намаз на старой площади Бишкека
Айт-намаз на старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мусулман коомчулугу чыдамсыздык менен күткөн орозого бир күн калды. Муфтият ыйык рамазан айы бул жылы 17-майда башталарын айтып, ооз багымдат намазына беш мүнөт калганда бекитилиши керектигин билдирди.

Мусулмандар ыйык деп эсептеген айда ооз бекиткендер эмнелерди жасабашы керек? Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу түшүндүрүп берди.

2018-жылдын орозо календары - Sputnik Кыргызстан
2018-жылдын Орозо календары: ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) маалы
Ооз ачарга чейин атайылап тамак ичүүгө болбойт. Орозо башталганда алгач адам бир аз кыйналышы ыктымал, бирок эки-үч күндөн кийин организм көнүп кетет. Андыктан орозо кармаган адамдар курсагы ачып же суусап кетсе атайылап тамак ичип албашы керек. Ал эми оозу бек аялдар тамак жасап жатып тамактын тузун көрсө болот, бирок аны жутпаш керек. Унутуп же кокустан тамак жеп, суу ичип алып анан орозо экенин эстесе, дароо жеп жатканын токтотуп орозосун уланта берсе болот.

Дары ичпейт, себеби дары баары бир ашказанга түшөт. Ал эми ооруп калган адам антибиотик дарыларын укол аркылуу алса, орозосу бузулбайт. Дагы бир учур — азыктандыруучу витаминдерди сайдырганга болбойт. Себеби, андай витаминдер тамак катары эсептелет. 

Чылым, кальян, насвайга уруксат берилбейт. Мындай учурда адамдын оозу ачылып калат. Орозо бир чети ушул сыяктуу жаман адаттардан арылтууга да жардам берет.

Ооз толтура кусканга болбойт. Мындай учурда ал адамдын оозу ачылды деп эсептелип калат. Ал эми денеден, ооздон кан же ириң чыкса ооз ачылбайт.

Ушак айтып, жаңжалдашып, урушпаш керек. Орозо бир гана ашказандыкы эмес. Тилдин, көздүн, кулактын да орозосу болот. Бул ушак сөздөн, бирөөнү жамандоодон, урушуп, жаңжалдашуудан оолак болуу дегенди туюндурат. Ошондой эле орозо кармаган адам сөгүнүп, адам көңүлүн калтырган жаман сөз да айтуудан алыс болушу керек.

Тыюу салынган нерселерди карабаш керек. Көздүн орозосу ыплас нерселерди кароону тыят. Андыктан жаман нерселерди карабай, орозону бузуп албоого аракет кылыңыз.

Кулакка, мурунга суу киргизгенге болбойт. Орозо айы жай айына туш келип калгандыктан, адам катуу ысып, оор жумуштарда иштесе сууга түшүп, жуунууга уруксат берилген. Бирок кулак менен мурунга суу киргизбеш керек.

Битир-садага берип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият битир-садаганын өлчөмүн бекитти
Оозду атайылап бекитпей уктап калганга болбойт. Колдон келсе саарлыкка туруп, жакшы ниет, тилек менен ооз жабуу зарыл.

Тиш паста пайдаланганга болбойт. Ооз бек учурда тиш паста эмес, мисвак (атайын дарактан тиш тазалоо үчүн алынган бутак — ред.) менен тазалаш керек. Бирок пастасы жок тиш щетка менен тазалоого уруксат. Тиш пастаны оозду жабаарда же ачкандан кийин колдонсоңуз болот.

Жыныстык катнаш болбойт. Ооз бек учурда жубайлар ортосунда кошулууга тыюу салынат. Ооз ачкандан ооз бекиткенге чейин жыныстык катнашка уруксат берилет, бирок сөзсүз гусул алып, андан соң ооз бекитүү зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0