БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 29-май күнү Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоонун жүрүшүн текшерип, курулуш иштерин аткарып жаткан China Road and Bridge corporation компаниясынын өкүлдөрү менен баарлашканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Абылгазиев Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги Семетей жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол тилкесин көрүп чыкты. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибаримовдун айтымында, бүгүнкү күндө аталган тилкедеги курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталган, аялдамаларга жана жол жээктерине асфальт төшөө, жол белгилерин чийүү жана орнотуу иштери аткарылууда.
"Жолду калыбына келтирүүдө эски асфальт бетон жабууну фрезеровкалоо, тегиздөөчү асфальт бетон аралашмасын төгүү жана үстүңкү катмарына шагылдуу-чайыр асфальт бетон аралашмасынан жабуу каралууда. Бул технология алгачкы ирет пайдаланылып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Абылгазиев бардык курулуш иштери өз убагында бөткөрүлүүгө тийиш экенин белгиледи.
Эскерте кетсек, "Бишкек шаарынын унаа жолдорун калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында Кытай өкмөтү тарабынан сунушталган гранттык каражаттын эсебинен жалпысынан борбордун 23 көчөсү калыбына келтирилмекчи.