Sputnik Кыргызстан агенттигинин кыргызча ысымдар рубрикасы уланат. Бул ирет да сиздерге кыздар-балдардын 20 ысымын сунуштамакчыбыз.
Эркек балдарга берилчү 10 ысым
Жусуп. Бул ысым кыргыздарга араб тилинен өткөн. Кезегинде араб тилине еврей тилинен кабыл алынган. Ал байыркы еврей тилинен которгондо "көбөйсүн, өссүн, артылсын" деген маанини туюндурат.
Зайыр. Лексикалык өзөгү "ачык-айкын, нур чачып жалтырап туруучу, көркөм, сулуу" деген маанини туюндурат. Көпчүлүк учурда эркек балдарга ыйгарылат.
Зарлык. Бул ысым башка түрк элдеринде учурабай, кыргыздардын өзүндө гана кездешкен. Ата-эне зарыгып, жашы кырк-элүүгө барганда уулдуу болсо аларды Зарлык, Зарыл, Зарылбек деп коюшкан.
Каарман. Мындай энчилүү ат кыргыз балдарына 40-жылдары коюла баштаган. Ата-энеси балдарына "замандын алдыңкы адамы, эмгек каарманы (баатыры) болсун" деген тилек менен бул ысымды ыйгарышкан.
Кабыл. Ата-эненин балалуу болгондон кийинки "тилегибиз кабыл болуп, балалуу болдук, ыраазыбыз, балабыз эми биздин турмушубуздун кабыл алуучусу болсун" деген аруу тилеги.
Кадыр. Турмушта жоро-жолдошторунун арасында, үй-бүлөсүндө, коомдо абройлуу-барктуу киши болсун деген максатты көздөп коюлат.
Кайнар. "Кайнар" деген сөз — "булак" деген маанини түшүндүрөт. Мындан улам ата-энеси "өмүрү булак менен тоодой таза, узак болсун" деген үмүт-тилек менен ымыркайына койгон.
Калмырза. Наристе төрөлгөндө денесинде калы болсо ата-энеси "уулубуз бактылуулук жышааны менен төрөлдү, перзентибиз элдин керегине жараган, элге кызмат кылган азаматтардан болсун" деп эркек баласына ушул атты беришкен.
Калыс. "Кара кылды как жарган калыс, адилеттүү адам болсун" деген аруу тилек менен эркек балдарга берилген ысым.
Кыз балдарга берилчү 10 ысым
Канышай. "Каныш" деген сөздүн лексикалык өзөгү "ханыша, хандын аялы" деген маанини туюндурса, "ай" байыркы түрк тилинде "сулуу, көркөм, асыл, аппак, нурдуу, акылдуу, кымбаттуу" деген маанини билдирет. Ата-эне терең маанини камтыган атты кыздарына "бактылуу, кадыр-барктуу, ажарлуу" болсун деп ыйгарган.
Керээз. Энесинин боюнда калып, атасы өлгөндөн кийин төрөлгөн балага атанын керээзи (атасынын энесине, турмушка калтырып кеткен белеги, туягы, мурасы) деген мотив менен байланышкан ысым. Көпчүлүк учурда кыз балдарга коюлат.
Көксулуу. Көк — бул асман. Кыз бала жарык дүйнөгө келсе жакындары "көктөй сулуу, бийик, нурлуу болсун" деген мааниде ушул ысымды ыйгарышкан.
Көктөм. Көктөм — жаз мезгилинин синоними. Аталган мезгил дайыма сулуулуктун, кооздуктун символу катары эсептелет. Мындан улам ата-эне кызын жаз мезгилине салыштырып "жылуулук чачкан, ажайып сулуу кыз болсун" деген тилекте кыздарын Көктөм аташат.
Кулпун. Кыз балдардын энчилүү аты. Бул ысым "жүзү албырып бетинен нуру өчпөгөн, сынынан, сымбатынан тайбаган, дайыма кубулжуп, көрктөнүп, кулпуруп турган кыз болсун" деген аруу тилек менен коюлат.
Курманжан. Орто Азия элдеринин тарыхында "Алай канышасы" деп аталган Курманжан даткадай" эл-жерине берилип, акылдуу, чечкиндүү аял болсун" деген ниетте кыз балдарга коюлган ысым.
Күмүшай. "Күмүш" деген сөздүн лексикалык мааниси баалуу буюм дегенди туюндурат. Ай — бул асмандан, бийиктен тийген, караңгыны жарык кылган, шоола чачкан түбөлүктүү планета. Ата-эненин кызы "айдай сулуу, көрктүү селки жана баалуу-барктуу кыз болсун" деген ой-тилегинен алынган ысым.
Кызжибек. "Жибектей созулган кыз болсун" деген тилек менен кыздарга ыйгарылып келет.